Turmush — Талас шаарындагы борбордук мечиттин курулуш иштеринин 70% аяктап калды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, мечит 4200 адамдын намаз окуусуна ылайыкталган. Анын имараты жергиликтүү тургундун колдоосу менен курулуп жатат.