Turmush — Нарын шаарында Нооруз майрамынын урматына 100 метр чучук жана 5 тай казан бешбармак даярдалып, элге таратылды.
Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, улуттук даамдарды даярдоо үчүн жалпы төрт жылкы союлган. Бешбармак үчүн 300 килограмм кесме колдонулуп, анын 50 килограммы колго жасалган.
Ал эми 100 метр чучукту даярдоодо төрт жылкынын казысы пайдаланылган. Өзгөчөлүгү — чучук кабыргасы менен кошо жасалганында.
Бүгүн, 21-мартта президент Садыр Жапаров Нарын шаарында Нооруз майрамына арналган иш-чарага катышты.