Turmush — Чүй облусунун Сокулук районунда жыл сайын уюштурулган көк бөрү боюнча райондук чемпионат өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Нооруз майрамына карата Сокулук айылынын борбордук аянтында көк бөрү боюнча биринчиликтин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Мелдеште Сокулук районундагы айыл аймактардан куралып келген командалар 19-январдан баштап 2 ай бою күч сынашып келген.
Жыйынтык:
- 1-орун — Кайназарова айыл өкмөтүнүн командасы;
- 2-орун — Кожомкул айыл аймагынын командасы;
- 3-орун — Төш-Булак айыл аймагынын командасы.
Чемпионаттын жыйынтыгы менен төмөнкү категориялар боюнча мыкты оюнчулар да аныкталды:
- «Мыкты оюнчу» — Эрмек Жумабеков (Кайназарова атындагы айыл өкмөтү);
- «Мыкты коргоочу» — Айзимкул уулу Азизбек (Төш-Булак, Сары-Өзөн айыл өкмөтү);
- «Мыкты ат» — Магнус (Кожомкул айыл өкмөтү);
- «Мыкты чабуулчу» — Иманжан уулу Азамат (Күн-Туу айыл өкмөтү).
Жеңүүчүлөргө жана экинчи орунду ээлегендерге Сокулук районунун акими медалдарды, кубокторду, ар кандай даражадагы грамоталарды, акчалай сыйлыктарды тапшырды.