Turmush — Таласта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жасалма мамлекеттик номур тагылган унааны башкарып жүргөн айдоочуну кармашты. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 22-мартында Талас ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 07KG 100ХХХ мамлекеттик номурлуу «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.
Текшерүү учурунда унааны 2005-жылы туулган Б.Г. аттуу айдоочу башкарып баратканы аныкталган. Ошондой эле ал автоунаага кыргыз мамлекеттик номурун жасалма жол менен алмаштырып тагып жүргөнү белгилүү болгон.
Бул факты боюнча автоунаа айып короого токтотулуп, жасалма мамлекеттик номер менен жүргөндүгү үчүн айдоочуга 20 миң сом айып пул салынды.