Turmush — 21-апрелде Талас районуна караштуу Беш-Таш тоосунда Кытайдын 2 жараны жана Кыргызстандын 2 жаранына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, алар тоо бооруна чыгып, кайра түшө албай калышкан. Бул тууралуу маалымат түшөр замат, окуя болгон жерге 10 куткаруучу тартылган. Экология жана жаратылыш ресурстары тармагындагы кызматкерлер да тартылып, алар аман-эсен табылып, тоодон түшүрүлдү.
Алдын ала маалыматтарга караганда, алар тоого чыгып, багытын жоготуп, кайра түшүү жолун таппай адашып калышкан. Куткарылган жарандардын абалы канааттандырарлык.
Алар «Беш-Таш» жаратылыш коругунда Беш-Таш асма көпүрө долбоору боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жатып, аба ырайынан улам ылдый түшө алышпай же өйдө көтөрүлө албай калган. Алар байланыш бар жерге жеткенде куткаруучуларга кабарлашкан.