Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Талас облусуМанас району 17.05.2019 20:20 Жаңыланды: 03.10.2019 20:30

Айыл турмушу: Манастык чебер айым А.Жумашева кийизден сүрөттөрдү жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 53 жаштагы тургуну Айнура Жумашева 2 жылдан бери кийизден сувенирлерди жасоо менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Кеңеш айылында төрөлгөн. Чеберчилик менен кичинесинен эле алектенет.

«Кол өнөрчүлүк менен кичинемден алектенип келем. Таенем, чоң апам, апам иштүү адамдар эле. Мен дагы жаш кезимден чеберчилик менен алектенип жүрдүм. Кийин бул кызыгуум жумушка айланды десем болот. Мен такай жаңы нерсе жасаганды жакшы көрөт элем. Интернет пайда болгон соң кол өнөрчүлүк боюнча жаңылыктарды көрүп, көп мүмкүнчүлүк жаралды. Ошентип кийизден картиналарды жасап баштадым. Мен жасаган картиналардын сыртына айнектин деле кереги жок. Анткени сүрөт бекем болот. Бирок кийизге күбө түшүп, чаң болот деп айнек каптайм. А4, А3 деген өлчөмдөгү картиналар 1,5 миң сомдон жогору сатылууда. Эң кымбаттары 4 миң сомдон өйдө. Эң чоң картинамдын узундугу 110 см, туурасы 85 см болгон. Аны 5 миң сомго сатып алышкан болчу. Азыр көпчүлүк кызыгып жатат. Ар кандай буйрутмаларды алам. Ким кандай буйрутма кылса ошолорго жараша жасап берем. Кечке чейин отура албайм. Күнүгө 2-3 сааттан отуруп жасап бүтүрөм.

Былтыр эмгектеримди улуттук музейге көргөзмөгө алып бардым. Ал жактан иштерим жакшы деген баага татыды. Көп жакшы пикирлер айтылды. Бул иштер менен былтыр Көчмөндөр оюндарына барып келдим. Анда 17 эмгегимди сатыкка алып баргам. Чет өлкөлүктөр кызыгып алышкан болчу. Андан кийин эле «Билимкана» фондунда көргөзмө болуп, ал жерден дагы эмгектерим бааланып, сертификатка ээ болдум. Ошондон кийин көптөгөн буюмдарды жасайм деген ой менен эмгектеримди кеңейте баштадым. Быйыл болсо жаңы жылдын башында кийизден балаты жасап, интернетте добушка койгонбуз. Менин жасаган балатым көп добушка ээ болуп, 1-орунду алды. Андан кийин менин балатым улуттук музейге тапшырылып, жакында эле кайтарылып берилди», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жолдошу экөө 2 уул, 1 кыз, 7 неберенин ата-энеси экенин кошумчалады.

«Чүй облусунун Токмок шаарына келин болдум. Кызыл-Жылдызга көчүп келгенибизге 15 жылдай болуп калды. Жолдошум чек ара кызматында иштеп, ошондон улам Таласка келип калганбыз. Кесибим боюнча фармацевтмин. 1985-жылы медициналык окуу жайды аяктагам. 1983-жылдан баштап дарыканада иштегем. 2 балам тиш дарыгери болуп иштешет. Ал эми кызым кесиби боюнча экономист», - деди ал.

Чебер айым кол өнөрчүлүгүн атайын ийримде окуучуларга да үйрөтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×