Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 22.05.2019 14:02 Жаңыланды: 03.09.2019 22:00

Айыл турмушу: Кара-бууралык айдоочу У.Ажыбеков кесибин таштап, темир устачылыкты аркалап жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 41 жаштагы тургуну Умарбек Ажыбеков темир ширетүүнү үйрөнүп, элине кызмат кылууда. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 4 бир тууган. Төртөө тең кесиби боюнча айдоочу.

«Мектепти бүткөндөн кийин айдоочулук кесипке ээ болуп, 15 жылдан ашуун жүк ташуучу унаа айдап эмгек кылдым. Эң жакыны Таластын ичине жүк ташып жүрдүм. Жол азабы чоң. Кийин ширетүүнү айылдаш Нурболот деген акеден үйрөндүм. Азыр өз алдымча иштеп жүрөм. Дарбаза, арка, үйлөргө жылытуу системаларын жасайм. Талас боюнча кайсы жактан буйрутма келсе, ошол жакка барып жасап берем. Ортодон Бишкекте дагы 3 жылча иштеп келдим. Ал жакта жалаң чоң иштерге буйрутма келсе, айыл ичинде майда-чүйдө жумуштар дагы боло берет. Мисалы суу чыгаргыч, балдарга чана, чарбакка керектүү тырмоо, күрөк жана башка буюмдарды жасап берем. Жасап берген эмгектеримдин кызмат акысы сүйлөшкөнгө жараша ар кандай болот. Бирөө тааныш болот, бирөө дос болот. Негизи 5000 сомдон жогору кете берет, кээде бекер жасап берем. Араба, меш, тосмо, мончого меш сыяктуу керектүүлөрдү жасап, үйлөргө жылуулук түтүкчөлөрүн коюп, суу киргизип, сантехниктин жумушун да кылам.

Ширетүү кооптуу иш. Атайын формасын кийип алып иштейм. Бирок зыян болгондуктан бул иштин дагы ченелүү убагы болот. Антпесе ден соолуктан айрылып калабыз. Турмуштун зарылчылыгын улам ушул ишим менен каражат таап келе жатам. Кудайга шүгүр, эл артында калбай, ширетүүчүлүк менен бирге дыйканчылык менен дагы алектенип, үй-бүлөмдү багып жатам», - деди ал.

Темир уста 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×