Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Нарын облусуАт-Башы району 28.07.2019 20:20

 Адистердин кеңеши: Көздүн кайсы дарты сокурлукка алып келет?

Turmush -  Көздүн аллергиясы жөнүндө Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун көз оорулары боюнча дарыгери Гүлмайрам Молдоянова айтып берди.

Көздүн кан басымын текшертип туруу керек

- Көз ооруларынын эң көп кездешкени — көздүн аллергиясы. Бул Ат-Башы районунун аба ырайына байланыштуу болуп жатат. Акыркы 3 айга салыштырмалуу аллергия курч, оор өтүүдө. Ошондой эле кокустан кырсыктап, көзүнөн ажырап калгандар бар. Өткөндө эле бир адам аттан жыгылып кетип, бир көзү катуу жабыркаган экен. Ошол көзүн алууга туура келди. Дагы бир киши унаа оңдоп жатып көзүнө темирдин бөлүкчөсү кирип кетиптир. Анын кесепетинен көзү көрбөй майып болуп калды.

40 жаштан өткөндө көздүн кан басымын 1 жылда бир текшертип коюу керек. Көздүн өзүнүн кан басымы болот. Анын жогорулашы глаукома деген көз оорусун пайда кылат. Ал сокурлукка алып келет. Ошондуктан алдын алуу керек. Кээ бири көзүнүн курчу кайтып калганда келип жатышат. Бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу көздүн көрбөй калышына байланышкан оорулар азайып жатат.

Көз аллергиясынын белгилери

Көбүнчө шамал, чаң болгондо, күн ысыганда, бак-дарак бүрдөп баштаганда көз кызарып кычышат. Күндөн уялат. Кирпиктин астына, каштын тегерегинде шишиктер пайда болот. Ошол учурда мурун бүтүп, чүчкүрүк пайда болуп денеге бир нерсе чыгып калышы мүмкүн. Көздүн аллергиясы көбүнчө боёктордон болуп жатат. Көздүн аллергиясы өтүшүп кетсе ал өнөкөткө айланат. Ал убакта жакшы дарыланыш керек, жазында балдарда көп кездешет. Ал өнөкөткө өтүшсө 25 жашка чейин уланат.

Бул оорунун алдын алуу үчүн күндөн сактаныш керек. Баш кийим кийип, күндөн коргоочу көз айнек тагынып, өз убагында дарыгерлерге кайрылуу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×