Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуМанас району 18.08.2019 21:00

Жаш талант: 5 жаштагы Аруузатка кийимдерин жарнамалаткысы келгендер көп (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 5 жаштагы тургуну Аруузат Замирбекова 2 жылдан бери кичинекейлер арасындагы кароо-сынактарга катышып, ийгиликтерге жетишип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын апасы Анара Төлөгөнова кызы ыр-бийге шыктуулугун 3 жашында байкап, сынактарга катыштыра баштагандыгын айтты.

«Жолдошум экөөбүз 2013-жылы баш кошконбуз. Аруузат биздин тун кызыбыз. Кызыбыздын 3 жашынан баштап ыр-бийге шыктуу экенин байкачубуз. Талантын такшалталы деп ар кандай сынактарга катыштыра баштадык. Өзүнүн жөндөмдүүлүгү бар болгондуктан байгелүү орундарга ээ болуп келди. 4 жашында «Таластын таланттуу балдары» аттуу сынакка бий боюнча катышып, 1-орунга ээ болгон.

Өзүбүз Кызыл-Жылдыз айылында турабыз. Бирок Аруузат райондун борбору Покровкадагы бала бакчага барат. Бала бакчада, деги эле райондо бий ийримдери жок болгонуна байланыштуу өзү эле интернеттен бийлерди үйрөнүп алып, бийлеп жүрөт. Андан сырткары ырдаганды абдан жактырат, бат жаттайт. Бала бакчада бир дагы майрам Аруузатсыз өтпөйт. Өзү сүрөткө аябай жакшы түшөт. Ошого байланыштуу дүкөндөрдөн биздин кийимдерди кийип, жарнамалап берсин деп көп сунуштар түшөт. Шартка байланыштуу барбай калып жаттык.

2018-жылы «Мини мисс Кыргызстан» сынагына тандоодон өтүп, чакырылды. Бирок уткан кыз Түркияга барып, Кыргызстандын атынан катышып келет экен. Бул чоң жоопкерчилик болгондуктан Аруузатты дагы бир аз чоңойсун деп токтотуп койдук. Багынтуучу ийгиликтери алдыда деп ойлойм. Биз атасы экөөбүз колдон келишинче кызыбыздын талантын жогорулатууга жардам берип келебиз», - деди ал.

Аруузат чоңойгондо тиш дарыгери болом деп кыялданат.

«Мен чоңойгондо тиш доктур болом. Адамдардан тиштерин текшерип, оңдоп берем. Бош болгондо апама ыр жаттаттырам. Бирок бошобойм, анткени бала бакчага барам. Дем алыш күндөрү апама жардам берем, короону шыпырам. Сүрөт тартканды жакшы көрөм. Интернеттен ыр жаттайм, бий үйрөнөм», - деди ал.

Аруузат үй-бүлөдө 2 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×