Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуТалас району 10.07.2019 12:23 Жаңыланды: 06.09.2019 23:00

Айыл турмушу: Таластык уста А.Аширбаев 10 миң сомдук комуздарды жасап сатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылынын 43 жаштагы тургуну Арстанбек Аширбаев 4 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, жасаган комуздарын 10 миң сомго чейин баалайт.

«4 жылдан бери комуз чабуу менен алек болуп жатам. Атайын деле үйрөнгөн жокмун. Интернет булактарынан көрүп калып эле үйрөнүп алгам. Бардык нерсени башында үйрөнүп жатканда кыйынчылык болот экен. Мен дагы башында комузду узун же кыска кылып кесип алып, үн чыгара албай көпкө кыйналып жүрдүм. Акыры ыгын таап, өздөштүрүп кеттим десем болот.

Комузду алма, карагай, өрүктөн чабам. Комуз жасоого 2 жыл убакыт керек болот. Жыгачын 2 жылга чейин коюп коём. Ал кургагандан кийин чаап баштайм. Кээ бири сууга кайнатып, кыкка көмүп коюшат экен. Мен андай ыкмаларды деле колдонбойм. Сатып алуучулар бааларын чыгарып, сатып алып кетишет. Комуздун акчасы тамак-ашка жумшалат. Калган күндөрү эл катары дыйканчылык менен алек болом. Куруп жаткан чоң тамыбыздын курулушу аяктоо алдында турат. Чоң тамдуу болгондо устачылык кылган бөлмөнү кеңейтем деп турам (күлүп)», - деди ал.

Уста үй-бүлөдө 3 уулдун атасы. Жубайы жакында төртүнчү наристесин төрөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×