Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Талас облусуБакай-Ата району 15.07.2019 12:09

Жаш талант: 17 жаштагы балбан Бекзат Казакстандагы мелдештен күмүш медаль утуп келди (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 17 жаштагы тургуну Орункул уулу Бекзат грек-рим күрөшү боюнча мелдештерге чыгып келет. Балбан жигит аймактык кабарчы менен болгон маектешүүсүндө спорттогу жашоосун айтып берди.

«Атам Өмүралиев Орункул убагында күрөшүп, бир катар байгелерге ээ болгон экен. Балдарын ар дайым спорт менен машыктырат. Мен спорттун жашоосун 1-классымдан бери эле билем. Атамдын суранычы менен 7 жашымдан баштап залга барып, грек-рим күрөшү боюнча машыгып баштагам. Акелерим дагы залга барып машыгып, күрөшүп келишчү. Ошолордун артынан ээрчип жүрүп күрөшкө кызыгып кеткем. Бирок атам талапты катуу койгон киши. «Бир гана спортту эмес, окууну дагы калтырбай жакшы оку» деп көп айтчу. Мен экөөнү бирдей алып кетүүгө аракетимди жумшадым. Залга жума сайын барып, 2 сааттан машыгып келем.

Башында райондук, облустук мелдештерге чыгып жүрчүмүн. Чоң мелдештерге катышып келе жатканыма 2 жыл болду. Спорт — бул кыйын нерсе. Мисалы мелдеште жеңишке жетебиз деп машыгабыз. Биздин айлап-жылдап машыкканыбызды 1 күндүк мелдеш эле чечип коёт. Бул нерсеге канча деген эмгек, тер кетет. Чыдамдуу болсоң баарын жеңесиң. Мелдеште бирде жеңүү жана жеңилүү болот. Ошол учурда өзүңдү бекем кармашың керек. Машыгуу учурунда өзүңдү жакшы карашың керек. Ооруп калып, жаракат албоо керек. Эгер ооруп калып же жаракат алсаң 6 айга чейин машыгып, мелдешке катышууга болбойт. Кээ бир жигиттер спорттун жашоосуна көнө албай, орто жолго таштап кеткендер да болот.

Мен 80 кг салмакта күрөшөм. Салмак таштоо, салмак кошуу мага кыйынчылык деле жаратпайт. Бир калыпта жүргөнгө аракет кылам. Кечээ жакында эле Казакстанда Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болдум. Бул менин эң алгачкы медалым. Бул медалга жетүү үчүн машыктыруучум Нуржан Сейтбеков агайымдын эмгеги зор болду. Келечекте өзүмдүн айылымдан чыккан акелерим Арсен Эралиев жана Канат Бегалиевдей болуп желек желбиретсем деген максаттамын», - деди ал.

Бекзат үй-бүлөдө 9 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×