Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусуБакай-Ата району 24.07.2019 09:05

Бала бакчага ири суммадага акча алып келген бөбөк, дайынсыз жоголгон кыз: Бакай-Атадагы окуялар. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын 31 жаштагы тургуну Назира Бийкеева 7 жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылында төрөлгөн.

«2009-жылы Ак-Дөбө айылына келин болуп келдим. Жолдошум Келдибек дагы мен иштеген бакчада электрик болуп эмгектенет. Чогуу барып, чогуу келебиз. 2012-жылы Талас мамлекеттик университетинен педагогика жана психология адистигине ээ болуп чыккам. Ошол жылдан бери «Гүлзар» бала бакчасында иштейм. 2 тайпаны бүтүрүп, тарбиячылык эмгегимди улантып келем. Бул иште жоопкерчилик чоң. Ар бир бала менен тил табышып иштейбиз. Балдар менен жүргөн жакшы. Өзүң дагы баладай болуп, турмуштук маселелерден ыраак болуп каласың. Биздин ишти убакыт өзү баалайт. Себеби биз тарбия берип чоңойткон балдар мектепте жашоосун ары карай улашат. Тарбия бакчадан башталат деп өз балабыз болбосо дагы тайпадагы балдарды багып, тамагын өз учуру менен берип, 10 саат бою ар кыл суроолоруна жооп берип, оюн-зооктор менен алек болобуз. Балдардын кулк-мүнөзүн байкап, ошого жараша мамиле жасайм. Бирок кээде ошонун баары унутта калып, ата-энелердин арасынан мамиле келишпей калган учурлар дагы жок эмес.

Балдар менен кызыктуу көз ирмемдер көп болот. Бир кызым жакшынакай кийинип келген. Түшкү уйкудан ойгонуп, кийинип жатканда чөнтөктөрүнө бир нерсе салып алгандай көрүндү. Мен байпактарын салып алган го деп, «чөнтөктөрүңө байпактарыңды салып алгансыңбы?» десем чөнтөгүнөн бир топ 1000 сомдуктарды алып чыгып жатпайбы. Ата-энесин чакыртып, акчаларын өткөрүп бергенбиз. Көрсө алар деле кызынын акча алганын билбей, бейкапар жүргөн экен. Үйүнөн эсептеп, эртеси суммасы туура чыкты деп келишкен (күлүп).

Бир күнү бир кызымды таппай калдым. Чоң атасынын үйүнө кетип калдыбы деп ал жакка дагы бардым. Баарыбыз ызы-чуу болуп издеп, эсимди оодарган. Кокусунан бирөөбүз кийим илген шкафты карасак ошол жакка кирип алып, үнүн чыгарбай отурган экен. Үн катпай чыдап отура бергенине азыр дагы таң калам (күлүп). Азыр балдар кандай «трюктарды» көрсөтсө дагы баарын билип калдым. Бат эле маселени чечип коёбуз (күлүп)», - деди ал.

Тарбиячы айым 3 кыз жана 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×