Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 04.11.2019 22:39 На русском

Жеңеке: Нарындык Гүлмира жеңе каршылыктарга карабай Таласка келип, бактылуу эне болду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 58 жаштагы тургуну Гүлмира Омушева ата-энесинин каршылыгына карабай, Таласка келин болуп келген. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Нарындын Учкун айылында чоңойгон. 36 жыл музыка сабагынан мугалим болуп пенсияга чыккан. Учурда Бакайыр айылынын аялдар кеңешинин төрайымы.

«Мектепти бүтүп, кыз-келиндер институтунун музыка бөлүмүнө бардым. Жолдошумду ошол окуу жайдан кезиктиргем. Анда биздин тайпа менен Айыл чарба институтунун зоотехниктер тайпасы достордон болчубуз. Чогуу кинолорго, кечелерге барып жүрүп жакшы достордон болуп калдык. Арасында кыз-жигит болуп баш кошкондор да бар.

Жолдошум Турсунбек менен 3 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Үйлөнөргө жакын сезимдерибиз каршылыктарга караган жок. Менин ата-энем «Өзүбүздүн эле Нарынга кал. Таласка эмне бар? Ортосу аябай эле алыс» деп каршылык көрсөткөн. 2 адам бири-бирин жактырып турушса башка эч нерсенин кереги жок экен. 3-курс кезимде жолдошум «Сени Таласка алып кетем. 4-курс кезиңде нарындык балдар колго тийдирбей алып кетет. Алар алып кете электе мен алып кетем» деп алып баса берген. Досторубуз шаардан эле атайын спорт залга дасторкон жайып, жакшы каалоо-тилектерди айтып, Таласка узатышкан.

Ата-энем ары карап ыйлап, бери карап күлүп, баталарын беришкен. «Кетсең келбейсиң, таластыктар жибербейт» деди эле. Жыл сайын барып жүрдүк.

Ошентип Таласка келин болуп келдим. Жаңы келин болуп келгенде бул жактагылардын сүйлөгөн сөздөрүн, оройлугун угуп таң калгам. Кулагыма аябай жаман угулуп, көпкө чейин өзүмдү ыңгайсыз сезип жүрдүм. Таластыктар орой келет деген чын экен деп ичимден таң калып койчумун. Акырындык менен кулагым да көнө баштады (күлүп). Үйдө чоң кайын энем да бар болчу. Ал кардуу, катуу адам эле. Айтканын берчү эмес.

Бир күнү кайын инилериме үйдөгү шырдактарды сыртка алып чыгып жайдырып жатсам, «эркек адамды үйдүн жумушуна аралаштырба, өзүң кыл» деп катуу эскерткен. Ал адам казанга нан жаап, отко чай кайнатып ичкенди жакшы көрчү. Токко кайнатылган чайды өзүңөр иче бергиле деп өзү казанга нан жаап, мени отко чай кайнаттырып койчу эле (күлүп). Кары адамдын кылык-жоруктарына көз жумуп жеңип кеттим десем болот. Анын небересин жакшы көрүп жашап жаткандан кийин баарына макул болот экенсиң. Ортодогу сезимдерди булгабай, сабырым менен ушул даражага жеттим. Өзүмдүн кайын энем да «кемпирге теңеле көрбө» деп акыл-насаатын айтып турчу.

Азыр баары кудайга шүгүр. Жолдошум экөөбүз 3 кыз, 2 уулдуу болдук. Баары өз турмуштары менен. 15 неберебиз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×