Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусуБакай-Ата району 02.08.2019 12:36 На русском

Таластагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек Буланбеков өз арызы менен кызматтан кетти

Чиновники
Чиновники

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Уланбек Буланбеков кечээ, 1-августта өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал кызматтан бошотуу тууралуу арызын Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкуловго жазган. Аким тиешелүү буйрукка ошол эле күнү кол койду.

Уланбек Буланбеков аталган кызматка 2019-жылдын 8-апрель күнү шайланып, 18-апрелде БШКнын токтомунун негизинде ишке киришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×