Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Талас облусуКара-Буура району 06.08.2019 18:23 На русском

Кыргызстандык алптар: 18 жаштагы Э.Шекербаевден боюн кандай дары ичип өстүргөндүгүн көп сурашат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 18 жаштагы тургуну Элдар Шекербаев боюнун узундугунан улам коомдук унааларда өзүн ыңгайсыз сезет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, мектепти быйыл аяктап, туризм академиясына тапшырды.

«Үй-бүлөдө атамдын, агамдын, карындашымдын бойлору узун. Узун бойлуулук тегибизде бар. Көптөрдөн узун бойлуу адамдар көп жерлерди байкабай сүзүп алып, жаракат алышат деп угам. Бирок менде анчалык катуу сүзүп алган учурлар болгон эмес. Кээде эле байкабай эшиктерди сүзүп алган учурлар болгон.

Көптөр «Боюң эмнеге узун? Кайсы машыгууларды кылдың? Бойду өстүргөн кандай дарыларды ичтиң?» деп сурап калышат. Мен эч кандай көнүүгүлөрдү жасап, дары ичип көргөн эмесмин. Азыр боюмдун узундугу 1 метр 90 см. Өзүм волейбол ойнойм. Мектепте жүргөндө ар кайсы айылдарга барып, ар кандай командалар менен ойноп байгелүү орундарга илинчүбүз. Бош убактымда болсо кагаздан ар кандай формадагы ак кууларды жасайм.

Быйыл окууга тапшырганы шаарга бардым. Маршруткада жүргөндө алардын шыбы 180 см болгондуктан, кирер замат люкту издейм. Антпесем башың тийип калат (күлүп).

Келечекте ар кандай туристтик фирма ачсамбы деген ойлорум бар. Анткени Кыргызстандын жери дүйнө жүзү кызыга турган жер», - деди ал.

Элдар үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×