Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 09.08.2019 08:26

Таластан бир дагы адам Кой-Ташка барган жок, - облустук милициянын башчысы

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Талас облусунда коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу Turmush басылмасына өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Топ-топ болуп чогулган адамдар жок. Коомдук активисттер дагы элди тынчтыкка чакырууга катышып жатышат.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жумабековдун айтымында, облуста абал тынч жана саясий абал туруктуу.

«Талас облусунан бир дагы адам Кой-Ташка барган жок. Бир гана Мээрбек Мискенбаевдин ата-энеси баласын көрүп келүүгө чыгып кеткени маалым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×