Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Талас облусу, Талас 09.08.2019 10:50 На русском

Таластагы активисттер элди тынчтыкка чакырышты

Turmush -  Бүгүн, 9-августта Талас-АКИпрессте өткөн маалымат жыйында жергиликтүү активисттер элди тынчтыкка чакырышты.

Алгач Умар Анарбаев, Рыскулбек Жанкорозов, Роза Жээналиева УКМКнын каза болгон кызматкери Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына көңүл айтышты.

«Өлкөбүздөгү болуп жаткан акыркы окуяларды көрүп турабыз. Биринчиден, кайтыш болуп кеткен спецназ жигиттин ата-энесине көңүл айтабыз жана азасын бирге тартабыз. Экинчиден, элибизди тынчтыкка чакырабыз. Кыргызстанга тынчтык керек», - деди алар.

Активисттер буга катар эле Таласта акыркы жылдарда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×