Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Талас облусуТалас району 12.08.2019 12:28 На русском

Өмүрбек Бабанов Таласка келди. Видео

Turmush -  Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн, 12-августта Талас облусуна келди.

Маалым болгондой, аны парламенттин депутаттары Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Мирлан Жээнчороев, Талас шаарынын мурдагы мэри Анарбек Кушубеков коштоп жүрөт. Бабанов балдары жана жубайы менен «Манас Ордо» комплексине барды.

Айрым маалыматтарга караганда, алар андан ары Кара-Буура районуна жөнөшөт.

Бабановду тосуп алган айылдаштары (Чолпонбай айылы) ага ат мингизишти.

Омурбеку Бабанову подарили жеребца

Бабанов

Буга чейин 9-августта Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарына учуп келгендиги кабарланган. Аны «Манас» эл аралык аэропортунда тарапташтары тосуп алышкан. Бабанов үйүнө барып, кийинчерээк маалымат жыйын өткөрөрүн айткан болчу. УКМКдагы булактар ал күнү Бабанов кармалбай турганын билдиришкен.

Ө.Бабановдун Кыргызстанга кайтары белгилүү болгондон кийин УКМК ага карата 2 кылмыш иш козголгонун маалымдаган. Биринчи кылмыш иш Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн сөзү боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча козголгон. Кийин экинчи кылмыш иш токтотулган.

«Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Ө.Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат», - деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×