Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуМанас району 24.08.2019 11:40 На русском

Таластык Т.Солтонкулов жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 23-августта Кара-Буура районунун Манас айылында жаңы китепкана ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, айылда өткөн «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Төрөбек Солтонкулов аттуу тургун өзүнүн дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди. Иш-чарага жергиликтүү тургундар, окуучулар катышты.

«СССР тарагандан кийин биздин көпчүлүк адамдар маданий жайларга барбай калышкан. Бирок көптөгөн дүкөндөр, соода түйүндөрү ачылган. Бүгүн Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик дүкөн коомдун интеллектуалдык жана руханий керектөөсү үчүн китепкана ачууга берилип жатат. Бул биздин интеллектуалдык жана руханий жактан өнүгүү керектигин түшүнүп калгандыгыбыздын символу десек болот», - деди министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков.

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы 53 китепкананын китеп фонду жаңыланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×