Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуМанас району 26.08.2019 15:49 На русском

Чаткалдагы тоодо аялын өлтүрүп, баңгизат топтоп жүргөн чет өлкөлүк жаран Таластан кармалды (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Талас облусунда адам өлтүрүп, баңгизат топтоп жүргөн чет өлкөлүк адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-августта Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 1993-жылы туулган тургуну Б.Е. аттуу айымдын дайынсыз жоголушу боюнча иликтөө иштери башталган. Анын алкагында Б.Е.нин жарандык никеде жашап жүргөн жолдошу, Беларусь Республикасынын 30 жаштагы жараны Е. Е. кылмышка шектүү катары аныкталган. Алынган ыкчам маалыматтардын негизинде Е.Е. Кара-Буура районунун Бакайыр айылында кара куурай чегип жүргөнү такталган. Ал 12-августта түнкү саат 01:00 чамасында талаада капка баңгизат чогултуп кетип бара жаткан жеринен кармалды.

Шектүү андан аркы сурактын жүрүшүндө жарандык никедеги жубайы Б.Е. менен 5-августтан 6-августка караган түнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу жайлоодо (Айтбай өлдү жайлоосу) уруша кетип, сабап өлтүрүп койгонун айткан. Андан кийин жасаган кылмышын жашыруу максатында анын денесин жайлоодогу чатырдан 100 метрдей алыс жакка алып барып көмүп койгон.

Аталган иш боюнча КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) жана 268-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен иш козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Талас

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×