Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 29.08.2019 18:13

«Жер астын-үстүн болуп кеткендей сезилди»: Айылдагы каналга агып бара жатканда куткарылган эгиз кыздар (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт // Turmush
Иллюстрациялык сүрөт // Turmush

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы 10 жаштагы эгиздер Милана менен Диана Бостонбековалар сууга 2 жолу агып кетип аман калышкан. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Диана: Мектептен эжейибиздин оң колубуз. Бардык нерсеге активдүү катышабыз. Экөөбүз мектепке барбай калсак баары «классыбыздын кызыгы жок болуп калды» дешет. Мага математика сабагы жагат. Эсепти жакшы чыгарам. Ошондуктан келечекте дүкөнчү болом. Себеби акчам көп болот. Диана экөөбүздүн досторубуз бир.

Милана: Аттарыбызды эжем койгон. «Жакшы, заманбап ат» деп айткан.

Кыздардын апасы Аида айым: 2-сентябрда эгиздерим 10 жашка толушат. Кудай берип койгон кыздарым эми мага жардамдашып калышты. Мектептен дагы эжейинен кыздарым жөнүндө жакшы сөздөрдү гана угуп келем. Эгиздер жолдошум тарапта бар. Бирок эгиздүү болом деген ой келген эмес. Кыздарым бир тондуу болуп, окшош жактары көп. Кыз бала болгондуктан мага көбүрөөк ыктап, жардам берип турушат.

Диана: Биз мектепке жаңы барганда мугалимдер алмаштырып жүрүштү. Миланамын же Дианамын деп өзүбүз айтып турчубуз. Экөөбүз тең сүрөттү жакшы тартабыз. Кээде бири-бирибизге айтпай, бүткөндө көрөбүз деп сүрөт тартабыз. Сүрөттөрүбүз окшош болуп чыкканда өзүбүз дагы таң калабыз.

Милана: Мен улуумун жана бышыкмын (күлүп). Диана деле менден кем калышпайт. Ал дагы бышык. Ар бир адам менен бат тил табышат.

Апасы: Кыздарымды баары алмаштырышат. Тегеректегилер кыздарды карап, айырмасын таап алышат. Бир тондуу эгиз болсо дагы бирөөсүнүн бет түзүлүшү тоголок, экинчисиники сүйрү болот экен. Ыраактан же бир көргөндөр айырмасын көрүшпөйт.

Диана: Мектепке окшош кийинип чыгабыз. Үйдөн ар кандай кийинип жүрө беребиз. Кийимдерибизге эч кандай белги коюлбайт. Өзүбүз таап алабыз.

Апасы: Үйдүн жанындагы каналда суу агат. Эгиз кыздарым 1,5 жашында каналга барып, бирөөсү түшүп кетиптир. Каналдын бир тарабында темир бар болчу, кызым ошол темирди кармап калыптыр. Кудай сактаган... Бойтойгон буттары сууда турат, өзү темирди тырышып бекем кармап алыптыр. Аны көргөндө мен үчүн жер астын-үстүн болуп кеткендей сезилген. Алып чыккандан кийин «кичинекей болсо дагы жашоо керек экен» деп күлгөнбүз.

Бир күнү дагы бирөөсү бакырып жатыптыр. Экинчиси да сууга агып бара жаткан жеринен кармап калганбыз. Башка балдарым сууга аккан жок. Эгиздерим бир нече жолу агып, кудай сактап аман калышкан.

Эгиз болгон жакшы, бирок аларды багууда дагы кыйынчылыктар болду. Экөө тең ыйлаак болушту. Экөө тең ооруп калышчу. Мисалы, бүгүн бирөөсү ооруса, эртеси экинчиси ооручу.

Милана: Эгиз болгон жакшы. Экөөбүз бири-бирибизге жардам беребиз. Мисалы, башка жумуш жасап бошобой калсам, түгөйүм үй тапшырмаларды аткарып, китепкабыма салып коёт. Экөөбүз бир жакка барганда дагы ажырагыбыз келбейт. Кээде улуу эжебизди бөлүп коебуз (күлүп).

Мен мультфильмдеги каармандардын сүрөтүн тартам. Келечекте эч ким оорубасын деп дарыгер болом.

Эгиздер 5 бир туугандын экинчи жана үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×