Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 02.09.2019 16:18 На русском

Жубайлар: А.Назарбекова бактылуу жашоонун сыры эмнеде экенин айтты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылында жашаган 60 жаштагы Бообек Сүйөркулов менен Айжамал Назарбекова 40 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жубайы: Мен Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында төрөлгөм. Шекер айылына 1979-жылы келин болуп келгем. Жолдошум экөөбүз көрүшкөн жокпуз. Жолдошум мени сырттан көрүп, жактырып калган экен. Ошентип айылына алып келген. Жаңы келин болуп келгенде кайын энем 1 жылдай мындай кыл, андай кыл деп ар нерсени бөпөлөп үйрөткөн. Анын сабагын бир аз алгандай болдум. Мен өзүм кичине кезимде апам үйрөткөн нерселерди билчүмүн. Бул жактан кайын энемден үйрөндүм. Кайын ата, кайын энени колумдан келишинче сыйладым. Жаңы келгенде тамекиде да иштеп калдым. Жумушка тың эле болдум. Бирок элдей болуп тамеки тизгенди эч үйрөнө албай койдум. Саанга барганда уй саай албай койдум. Кайын сиңдим экөөбүз саанга барабыз. Ал 3 уй сааганча мен 1 уйду зорго саап бүтчүмүн. Андан кийин саанда иштебей, тамекиде эле иштедим.

Биз илгери көмөч казанга нан жапчубуз. Кайын атам «менин келинимдин жумшак наны» деп камыр тамактарымды жакшы көрчү (күлүп). Азыр деле ток өчүп калганда казанга нан жаба салам. Азыр абышкам «жумшак наныңды сагындым» деп айтып калат. Абышкам, балдарым сагынганда көмөч нан бышырып турам.

Абышкам менен ушунча жыл жашап, бардык сапаттарына баа бердим. Мага бир да катуу сүйлөгөн жок, мага камкор болду. Турмуш баарын көрсөтөт экен. Турмуштун ыргагында жүрүп, баарына көндүм. Үй-бүлөнүн сакталышы — ынтымакта. Ошол үчүн азыркы жаштарга: «Эркек сүйлөп жатса аны угуш керек. Аны сыйлай билсең сыйга татыктуу болосуң» деп айтам. Эгер эркекти сыйлабасаң каяктан сыйлуу болмок элең. Кудайга шүгүр, азыр элдин арты эмеспиз. Ынтымактуу жашап жатабыз. 4 кыз, 1 уулдун энеси болдум.

Жолдошу: Айжамалды бир көрүп жактырып калып, үйгө алып келе бергем. Жубайым ал кезде Аманбаев айылында иштеп жүргөн болчу. Жубайым ошондо эле көзүмө тыкылдап, тың көрүнгөн. Үмүтүм акталып, Айжамал мен ойлогондой жумушка тың чыкты. Билбеген жумушу болсо да билбейм деп жасабай койбойт. Баарын өзү кылганга аракет кылат. Ата-энем эмне айтса сыйлап, жок дей алчу эмес. Мен жубайыма ыраазымын. Башыбыздан билинбей бир катар кыйынчылыктар өттү. Бирок жубайым чыдамкайлыгынын аркасында баарына түшүнүктүү карап, жанымда болду.

Кыздарыбызды чоңойтуп, турмуш жолуна узаттык. 1996-жылы төрөлгөн эң кичүү уулубуз бар. Аны быйыл күзүндө үйлөнтүп, той өткөрсөкпү деп пландап жатабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×