Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 04.09.2019 14:45

Айыл турмушу: Кара-бууралык Г.Бокоева жүздөгөн балдардын киндик энеси (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 58 жаштагы тургуну Гүлнар Бокоева 33 жылдан бери акушер болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, дарыгер болууну кичинесинен эле кыялданчу.

«1983-жылы медициналык окуу жайды аяктап, ошол жылы Аманбаев айылына келин болуп келдим. 1986-жылдан бери акушер болуп иштеп жатам. Бала күнүмдөн ак халат кийип, адамдарга жардам берсем деп кыялдангам. Кыялымдагы кесибиме ээ болдум. Жумушумда эсте калган учурлар көп болот. Келиндер аман-эсен көз жарып алышын тилейбиз. Аман-эсен төрөп алса биз дагы сүйүнөбүз.

Бир күнү бир келин төрөрүнө аз убакыт калганда ооруканага келиптир. Документинде эгиздер деп турат. Ага «Эгиз экенин билет экенсиң, жүрө бербей эрте келсең камын эрте көрөт элек» деп айттым. Дагы бир гинекологду чакыртып, экөөлөп биринчисин төрөтүп алдык. Баланы карасам заң чыгаруучу органы жок экен. Экинчи баласын да аман-эсен төрөп алды. Бирок заң чыгаруучу органы жок баласы көп өтпөй чарчап калды. Мындай учурлар эненин гемоглобини аз болгону менен байланыштуу. Башка себептер дагы болот. Ошондуктан азыркы келиндер ден соолугуна кам көрүшү зарыл. Эненин ден соолугунан баланын ден соолугу көз каранды.

Айрым келиндер толгоосуна чыдашат, кээ бирлер чыдабайт. Айрымдары унчукпай эле биздин айтканыбызды угуп, эч үн-сөзү жок төрөп алышат. Андайларды «Азаматсың, жакшы келин экенсиң. Сендей келиндер келип төрөсө онду төрөткүбүз келет» деп мактайбыз (күлүп).

Айылдан бир келиндин сегизинчи кызын төрөттүм. Эртеси жолдошу жумушка келип, «Сегизинчи кызыбызга сиздин атыңызды ыйгаралы. Кызыбыз дагы сиздей мээримдүү, адамгерчилиги чоң, жакшы инсан болсун» деди. Мен макул болгом.

Аялынын төрөтүнө кире тургандар болсо алдын ала даярдоо иши жүргүзүлөт. Көптөргө укканда жеңилдей болот. Бирок залга киргенде ойлогондой эмес экенин туюшат. Айыл жергеси болгондуктан азыр төрөткө көбүнчө абысындары катышат. Көп жылдар мурун коңшу айылдан бир келин келип, жолдошун киргизүүнү суранган. Жолдошу төрөткө катышты. Залда бир аз жүрүп эле «Эже, сыртка чыгып келейинчи» деди. Биз макул болуп, бир аздан кийин кайра эле киргиздик. Баягы жигит киргенде эле ээси ооп кулап калса болобу. Ага чуркап, бир келинге карап, «сени карайбызбы же келинди карайбызбы» деп урушканбыз (күлүп).

Көп балдардын киндик энеси болгондуктан жакын тааныштар балдарынын туулган күндөрүнө чакырып калышат (күлүп). Башка жерлерден да келиндер жолугуп, рахматын айтып, «бул кызды же баламды сиз төрөткөнсүз» десе сүйүнүп калам. Бир топ жылдар мурда түнкү саат 12:00дөн кийин электр тогу өчүп калчу. Ошол кезде шам чырактар менен төрөт кабыл алчубуз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кол өнөрчүлүк менен алектене турганын кошумчалады.

«Мектеп курагымдан бери токуу менен алектенем. Апамдан үйрөнүп, байпактарды токуп жүргөм. Кийин турмушка чыкканда берилип токуй баштадым. Кесибим менен катар хоббим болгон токуу ишин алып жүрөм. Жакындарга, бала-бакырага токуп берем. Ага катар курак курайм. Жиптерин ылайыктап атайын алдырып алам. Кыз- келиндерге, абысындарыма үйрөттүм. Колубуздан келген жардамды аябасак сооп иш болот. Үйрөнүп алгандар балдары үчүн жылуу, бекем кылып кийим-кече токуп бере алышат», - деди ал.

Акушер айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×