Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 09.09.2019 09:29

«40 кыз болсо дагы баары меники»: Тарбиячы Чолпон айымдын кыздары жана энелик бакыты. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын 47 жаштагы тургуну Чолпон Казыбаева бир нече жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн.

«Кыялымдагы кесиптин ээси болуп, 30 баладан турган жогорку тайпа менен иштешем. Жумушума жакшы маанай менен барып иштейм. Себеби ар күндү жылмаюу менен эстеп турууга балдардын кызыктары көп. Ошондуктан ар бир иш күнүмдү балдар менен өткөрүп жатканыма кубанам.

Бир күнү бир балам чөнтөгүнө толтуруп апасы бышырган таттууларды салып келиптир. Аны эч кимге бербей же өзү жебей, ыңгайсыздык жаратса дагы чөнтөгүндө жүрдү. Акырын барып сурасам «Буларды апам кечээ бышырган. Апам бышырып коюп, ооруканага кетти. Көп күндөн кийин келет. Үйдө атам апамдыкындай кылып таттууларды бышыра албайт. Мен буларды эч кимге көрсөтпөй алып келдим. Бакчадан үйгө барып жеп, артып калса апам келгенче сактап турам» деп күлдүргөн (күлүп). Ар бир баланын өзгөчөлүгү бар, ошого жараша мамиледе болуп тил табышып келем.

Балдардын дүйнөсү жагымдуу, анча-мынча көйгөй болсо анын баарын унуттурат. Андай нерселерди бакчадан сыртка чыкканда эстейсиң (күлүп). Бакчадагы балдарды өзүмдүн балдарымдай бапестеп карайм. Бала менен баладай болуп калабыз. Аларга жомок окуп берем. Жомок окуп беришимди суранып дагы калышат. Мен дагы жаш балача сүйүнүп окуп берем. Аны ролдоштуруп аткарып, актриса дагы болом.

Бир күнү бир кызым убактысынан мурда эле уктаганы бара жатыптыр. Эмне болгонун сурасам «Сиз ар каарманды өзүндөй кылып туурап окуп бересиз. Өткөндөгү жомогуңузда чоң итти дал өзүндөй кылып аткарып бергенсиз. Мага ит жакпайт. Анткени мени бир ит тиштеп алган. Бул жолу дагы ит аралашкан жомок окуйт турбайсызбы. Мен андан көрө жатып уктап турам» деген. Кубанарымды билбей же өкүнөрүмдү билбей туруп калгам. Ошондон баштап аны итке болгон коркунучунан (фобиясы) арылтууга аракет кылып келем», - деди ал.

Каарманыбыз 5 кыз, 2 уулдун апасы.

«1991-жылы Ак-Дөбө айылындагы Ильяз аттуу жигитке турмушка чыккам. Кудайга шүгүр, 7 баланын апасы болуп, 3 жыл мурун «Баатыр эне» сыйлыгын алгам. Аны алып жатканда дароо пенсияга чыгып, карып калгандай сезгем (күлүп). Мага «Баатыр эне» десе оюма карып калган апалар келчү. «Баатыр эне», «Эне даңкы» төш белгилеримди тагынбайм. Өзүмдү картаң сезип калам (күлүп).

Уулдуу болобуз деп катарынан кыздар төрөлгөн. Жолдошумду эл «жалаң кыз болуп жатат» деп ардантса дагы капаланбастан тескерисинче кубанып, «кырк кыз болсо дагы баары меники» деп жооп берет (күлүп). Кудайга шүгүр, эч нерседен кур кылбай, өзү ширетүүчү болуп иштеп балдарыбызды бакты. Балдарым чоңоюп калды деп мен дагы кесибим менен иштеп жатам», - деди ал.

Чолпон айымдын уул-кыздары:

- Исакова Нурпери 1992-жылы төрөлгөн;

- Исакова Наргиза 1994-жылы төрөлгөн;

- Исакова Нургиза 1997-жылы төрөлгөн;

- Исакова Уулкан 2000-жылы төрөлгөн;

- Исаков Бекжан 2004-жылы төрөлгөн;

- Исаков Бектур 2007-жылы төрөлгөн;

- Исакова Нурай 2011-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×