Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 09.09.2019 13:43

Айыл турмушу: Кара-бууралык Жамалбек 5000 долларга пескоблок чыгаруучу жабдык жасатып, ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылынын 29 жаштагы тургуну Оморбек уулу Жамалбек пескоблок чыгарып, айылдаштарын жумуш орун менен камсыздап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда коңшу Аманбаев айылынан ижарага имарат алып, жумушчулары менен бирге ошол жерде иштейт.

«Кесибим боюнча юристмин. Үй-бүлөдө кичүүсү болгондуктан айылдамын. Кесибим боюнча иштеген жокмун. 7 жыл мурун акем үйүнүн тегерегин курчаганга ушундай кыштарды сатып алган. Карап көрүп, жасоого болот экен дедим. Анын үстүндө айылда мээнет болбой, куру күн өткөрсөк өсүү эмес, артка гана кетебиз. Ойлонуп отуруп, билек түрө ушул ишти баштагам. Башында кошулмасын билбей, сапатын тапканча бир топ жараксыз кыштар чыккан. Ыгын таап, бир жолго түшкөнчө убара тарттым. Башында керектүү жабдыктарды Кытайдан алдыргам. Бирок алардын сапаты жакшы болбойт экен. Кийин ошондой жабдыктарды Бишкекте уста балдар союздун (СССР учурунда чыгарылган темир) темирлеринен жасашыптыр. Мен дагы ал жерге 5000 долларга жасаттым. Азыр жакшы жабдыгыбыз үзгүлтүксүз иштеп жатат. Андан башка тегеректи курчоочу торлорду чыгарабыз.

Кардарлардын буйрутмаларына жараша пескоблоктун түрлөрүн чыгарып беребиз. Аларды коңшу айылдан бери келип сатып алышат. 6 жылдан бери ишибизди токтотпой иштеп келебиз. Азыркы кезде 4 жумушчу туруктуу иштейт. Күнүнө 800дөн 1000 даанага чейин кыштар чыгат. Жумушчуларга кыштын санына жараша айлык төлөнөт. Тамак-аштарын маянадан тышкары даярдап беребиз. Айлыктары 20000-25000 сомго чейин барат. Кыштардын баалары өлчөмдөрүнө жараша коюлуп, бир кыш 25 сомдон, тумба деген пескоблоктору 65 сомдон сатылат. Сапаттары боюнча нааразычылык уккан жокмун. Кудайга шүгүр, кардарлар кезек күтүп калышат», - деди ал.

Жамалбек мырза 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×