Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Талас облусуТалас району 27.10.2019 11:00 Жаңыланды: 07.11.2019 21:00

Жеңеке: Таластагы Айчүрөк айым кайын энесинин ысымын билбей калып жеме уккан (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 37 жаштагы тургуну Кундуз Борбиева турмушка чыкканда унаадан жылмайып түшкөндүгү үчүн жолдошу азыркыга чейин тамашалап келет. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Манас айылында төрөлгөн. 21 жашында Айбек Шабдалиевге турмушка чыгып, Көк-Токой айылына келин болгон.

«Жолдошум менен 2002-жылы Нооруз күнү таанышканбыз. Ал кезде мен базарда азык-түлүк сатып иштечүмүн. Жолдошум менден соода кылып калды. Соода кылып жатып эле сүйлөшүп, жакшы мамиледе болуп калдык. Бири-бирибизди бир көрүп жактырып калганбыз. 1 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, андан кийин баш коштук. Жолдошум балдарына күйүмдүү ата, мага камкор күйөө», - деди ал.

Рахат жеңе кайын апасынын атынан айтып алып, уят болгонун эскерди.

«Мени өзүмдүн макулдугум менен ала качты кылып алып келишкен. Ала качып келген кыз ыйлап же чыр салып келет эмеспи. Мен болсо унаадан өзүм эле түшүп, жылмайып кирип кетиптирмин. Баары таң кала карап калыптыр. Ошондогу кубанычтуу жүзүмдү эстесем азыр да уялам. Жолдошум азыркыга чейин «сен мени ала качып кетсе экен деп тургандай эле сүйүнүп тийгенсиң» деп күлдүрүп калат.

Бир күнү түштөнүп отурсак кайын энем менден эжемдин атын сурап калды. Мен эжемдин аты Шайыр экенин айттым. Кайын энем дагы бир жолу сурады. Катуу эле айттым го, ушуну да укпайбы деп Шайыр десем, ал «кыйраттың, маңдайыма отуруп алып атымды кайра-кайра айтат» деп ордунан туруп кетти. Абдан уялдым, ага чейин кайын энемдин атын деле сурабаптырмын.

Бош убакта үй-бүлөм менен алекмин. Балдарымды татыктуу тарбиялап, алар эл керегине жараган инсандардан болсо дейм», - деди ал.

Айчүрөк айым 3 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×