Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуМанас району 16.10.2019 17:31

Манастын Покровка айыл өкмөтүндө мал жуунтуучу жай иштеп жатат

Turmush -  Манас районуна караштуу Покровка айыл өкмөтүндө мал жуунтуучу жай ачылып иштеп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн жайыт комитетинин төрагасы Мырзатулла Жолдошов билдирди.

«2018-жылы долбоорлор жазылып, биздин айыл өкмөткө 76 миң доллар акча бөлүнүп берилген. Азыркы учурда 4 долбоор ишке ашырылды. Алардын бири малды жуунтуучу жайдын суу ысытуучу меши. Колхоз учурундагы мындай суу ысытуучу мештер жараксыз болуп калган. Жаңы жай быйыл ишке кирип, коңшу айылдардын тургундары да пайдаланууда. Бул доолборубуз 1 млн 200 миң сом менен бүттү. Ушул октябрь айында ишке кирди. Койдун башына 10 сомдон алынып, кыркылбаган койлорду 15 сомдон жуунтуп чыгарабыз. Суусу 5 саатта кайнайт», - деди ал.

Покровка айыл өкмөтү 5 айылдан турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×