Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 19.10.2019 13:21

Айыл турмушу: Балбан З.Садыбеков күрөштүн 2 түрү боюнча ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 26 жаштагы тургуну Зиямидин Садыбеков күрөштүн 2 түрү боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып келет. Аймактагы кабарчы балбандан кабар алды.

Анын айтымында, кичине кезинен эле күрөшкө кызыгып, көп убактысын күрөш залында өткөрчү.

«Таякелерим күрөшүп жүрүшөт. Кичине кезимде аларды ээрчип, күрөш залдарына көп барчумун. Ошондон улам бул өнөр мага таякелерим жактан өтсө керек деп ойлойм. Чоң күрөшкө аралашып, эл аралык деңгээлдеги мелдештерге чыгып жатканыма 10 жылга жакындап калды.

Күрөштүн 2 түрүндө күч сынашып келем. Кыргыз күрөштөн 2016-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орунду алгам. Белбоо күрөшү менен дагы дүйнөлүк чемпионатта 2 жолу 2-орунду алып келдим. Азыркы учурда Талас жергесинде машыгуумду улантып жатам. Күрөш учурунда этият кыймыл жасаш керек болот. Бир эле туура эмес шилтеген кыймылдан улам атаандашка жеңилип берип же жаракат алып калуу коркунучу бар. Андай учурлар мелдеш учурунда көп кездешет.

Бир жолу 66 кг салмакта кыргыз күрөшү боюнча машыгып жаткам. Жаза басып, бутумду кокустатып алгам. Жаракат чоң болгондуктан дарылоо убактысы дагы көпкө созулуп кетти. Мен чыга турган мелдешке 10 күн убакыт калган. Бул мелдеш мен үчүн өтө маанилүү мелдеш эле. Ошол бойдон ата-энеме эч нерсе айтпастан бутумду бекем таңып, таймашка катышкам. Ар бир кыйынчылыктын артында кубаныч бар деп коёт эмеспи. Ошол мелдеште 1-орунду алгам. Сүйүнгөнүмдөн бутумдун ооруганын дагы унутуп калыптырмын.

Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын. 3 эжем, 1 иним бар. Иним дагы күрөшкө кызыгат. Экөөбүз машыгууларды бирге өткөрүп, ийгиликтерге бирге бара жатабыз», - деди балбан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×