Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 23.10.2019 11:48 На русском

«Эшектин баласын орусча кодико дейт»: Мугалим С.Мукашованын жумушундагы кызыктар (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Үрмарал айылынын 53 жаштагы тургуну Сайрагүл Мукашова 31 жылдан бери мектепте орус тилчи мугалим болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1988-жылы жогорку окуу жайды бүтүп эле мектепке ишке кирген.

«Алгачкы эмгек жолум дагы ушул мектептен башталып, буйруса пенсияга ушул мектептен чыгам деп турам. Мугалим болом деп бала күнүмдөн кыялданчумун. Биздин убакта дарыгер же мугалимдик кесиптер белгилүү болчу. Кесибимди сүйөм жана эч качан талыкпайм. Кесибин сүйгөн адам эч качан чарчабайт, тескерисинче ырахат алат. Мугалимдерге жалпы методика боюнча насаатчы болуп дагы келем. Балдар менен иштегенден кубат алам. Окуучулар эсте калган кызыктуу учурларды көп жаратышат. Өзгөчө башталгыч класстардын окуучулары менен көп окуя болот.

Бир күнү окуучуларга жаныбарлар жөнүндө теманы өтүп жаткам. Биринчи алар билген жаныбарларын сурап алып, билбегендери жөнүндө айтып берип жаттым. Кезек эшекке келди. Аны сурасам орусчасын билишет экен. Мен ошондо «Эшектин баласын орусча кандай айтабыз? Ким айтат?» дедим. Бир балам колун көтөрүп жатат. Билет экен деп аны биринчи сурабастан башкаларынан жооп күттүм. Бирок эч кимден үн чыкпагандыктан баягы баладан сурасам, ал «эшектин баласын орусча кодико дейт» деп жооп берди. Сыртка чыга калып, көзүмдөн жаш чыкканча күлгөм. Алардын көзүнчө күлүп жиберсең экинчи айтпай калышат (күлүп).

Дагы бир жолу 6-класстын окуучуларына орус адабиятынан Улуу Ата Мекендик согуш боюнча сабак өтүп жаткам. Окуучулардын логикасын ойготуу максатында бир нече суроолорду алдын ала берип жаттым. «Советтер союзун ким башкарган? Германияны ким башкарган?» десем бир балам тура калып, «ушул сөз мага жакпайт, «хенде хох» башкарган» дейт. Көрсө бул сөздү бир туугандары үйдөн маанисин түшүнбөй эле көп айтчу экен. Аны менен бирге немистер жөнүндө кинолорду көрүп, алар ушул сөздү айтып адамдарды атып салышкан деп жек көрүп жүрүптүр. Ага түшүндүрүп, ал сөз колуңду көтөр дегенди (hande hoch - колуңду көтөр) билдирет деп айтып бергем.

Окуучуларым чын жүрөктөн кагазга бир сөз жазылган «открытка» берсе дагы сактап коймой адатым бар. Алгачкы окуучуларымдын кагазга жазылган каалоолору сакталып жүрөт. Быйыл бир окуучу кызыбыз мектепти бүтүп кетти. Ал кыз 1-классында мени майрамым менен куттуктап, «сиздей мугалим болгум келет» деген сөздөрдү жазып, сүрөт тартып кооздоп берген болчу. Мектепти бүтүп жатканда ал катты өзүнө көрсөтүп, «мугалим болосуңбу?» десем, «жок» деп чочуп кетип жатпайбы. Мыкты окуучулар кийин мугалимдердин катарын толуктаса дейм. Көпчүлүк жаштар мугалим болууну каалашпайт.

1996-жылы «Жыл мугалими» сынагына катышып, райондон 3-орунду, облустан 2-орунду алгам. Бир катар сыйлыктар менен бирге «Билим берүүнүн отличниги» наамына 10 жыл мурун ээ болгом. 3 кыз, 1 уулубуз бар. Баары жогорку билимдүү. Экинчи кызым Германияда иштейт, калгандары турмушта.

Жолдошум экөөбүз бир факультетте окуп, баш кошконбуз. Жолдошум Дамир ушул мектепте директор болуп иштейт. Жолдошум дагы орус тилчи. Ал дагы өмүр бою бир жерде иштеп келе жатат», - деди мугалим айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×