Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Талас облусуТалас району 19.11.2019 18:26

Айыл турмушу: Г.Аттокурова жактырбаган иши аркылуу тилегин орундатты

Turmush -  Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Гүлсайра Аттокурова көп жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жасаган буюмдарын 2 миң сомго чейин сатат.

«Мен тоолуу Талды-Булак айылында чоңойдум. 1981-жылы Талас шаарына келин болуп келдим. Бала бакчаларда тарбиячы болуп эмгектенип жүрүп, эс алууга чыктым. Мен жаш кезде жеңелерим кол өнөрчүлүк менен алектенип, киреше табышчу. Мага бул иш жакчу эмес. Кол өнөрчүлүк менен алек болууга каалоом дагы жок болчу.

Тилекке каршы 2000-жылы жолдошумдун көзү өтүп кетти. Үч балам менен жалгыз калдым. Айлык маянам балдарымды багууга жетчү эмес. Башка түшсө байтал жорго дегендей, кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө аргасыз болдум. Шайыр жеңемдин жардамы менен үйрөнүп, бул иш менен алектенүүгө өттүм. Балдарымды окутуп, үйлөнтүп, үйлүү кылышым керек деген жакшы ниет менен кол өнөрчүлүккө аттангам. Ишим оңунан чыгып, жеңем экөөбүз жакшы киреше таба баштадык. Биз жасаган буюмдарды Казакстанга чейин алып барып, сатып жүрдүк. Бирок кыйынчылык дагы болбой койгон жок. Баарын жеңдик. Балдарым чоңоюп, жогорку окуу жайлардан окушту. Аларды үйлөнтүп, үй алып бердим. Тилегиме жеттим», - деди Гүлсайра Аттокурова.

Ошондой эле: «Азыр көп иштебейм. Панно, сумкаларды жасап, курак курайм. Көргөзмөлөргө катышам. Буйрутма түшсө жасап берем. Баасы 500 сомдон 2 миң сомго чейин болот», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×