Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 25.10.2019 13:33

Бакай-Атада балдардын жатак мектеп-интернаты текшерилди

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Чалдыбар балдар мектеп-интернаты текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева билдирди.

«2019-жылы октябрь айынын ичинде пландык иш-чараларыбызды өткөрдүк. Бакай-Ата районундагы Чалдыбар балдар мектеп-интернатынын абалы менен тааныштык. Ал жатак интернатка Балдар кодексинин талабына ылайык ата-энесинен ажыраган балдар жана кароосуз калган балдар жайгаштырылган. Ал жерге бала соттун чечими менен гана кабыл алынат.

2019-2010-жылга 1-класс толбой калгандыктан жок экен. Балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулук жасалбаганы да текшерилет. Былтыр бул интернатта балдарга карата тарбиячы тарабынан туура эмес мамиле жасалган факт болгон. Айтылган тарбиячы өз арызы менен жумуштан кеткенин тактадык. Быйылкы жылы андай окуя болгон жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×