Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 29.10.2019 08:41

Айыл турмушу: Уста Р.Абдраимов жылуулук системаларын жасап, сезондо 400 миң сомго чейин киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Буденный айылынын 47 жаштагы тургуну Рыскулбек Абдраимов темир устачылык кылып, сезондо 400 миң сомго чейин киреше табат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, устачылык өнөр атасынан өткөн.

«Эл талап кылган өнөрдү аркалаганыма өкүнбөйм. 1992-жылы аскердик кызматымды Украинадан өтөп келип, майда темир иштери менен алек болуп жүрдүм. 2006-жылдан бери эл менен иштешип, алардын талаптарын орундатып келе жатам. Атам темир, жыгач уста болгон. Атам устачылыкты өзүнүн атасынан үйрөнгөн экен. Атамдын өнөрүн эркек бир туугандарымдын баары улаганбыз. Бирок мен үйдүн кичүүсү катары ата конушта калып, дал ушул өнөрүм менен эл артында калбай киреше таап келем.

Бүгүнкү күндө жылуулук системасын киргизип, меш жасайм. Башында 7-8 түрдүү темир мештерди жасап көргөм. Акыры өзүм ойлоп тапкан мешке токтолуп, ошону гана жасап жүрөм. Себеби отунга үнөм, бекем жана жылуулукту көпкө сактайт. Нааразычылык сөздөр болбойт. Буйрутмалар менен Бишкекке чейин барып иштеп келем. Материалын өзүм сатып алам. Себеби сапаттуу темир керек. Ишим апрель айынан баштап жаңы жылга чейин созулат. Бирок мен күн жылууда жасап бүтүп койгонго аракет кылам. Жумуш түйшүктүү болсо да кыйналып, таштайм деген күндөрүм болгон эмес. Жасаган эмгегим үчүн эл рахмат айтса ырахат алам. Бир үйдүн меши жана жылуулук системасы 120 миң сомго киргизилет. 2 кабаттуу үйлөргө 180-200 миң сомго чейин коюлат. Аны жардамчым менен 15-16 күндө бүтөм. Сезондо 400 миң сомго чейин киреше табам. Бирок пайда табуу мээнетке жараша болот. Азыр балдарымдын асты чоңоюп, жардамдашып калды», - деди ал.

Уста үй-бүлөдө 7 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×