Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Талас облусуТалас району 03.11.2019 18:00

Айыл турмушу: Ардагер мугалим Шарипа апа 40 жылдан бери чеберчиликти дагы аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кара-Ой айылынын 68 жаштагы тургуну Медетбекова Шарипа апа 40 жылдан бери чеберчилик менен алек болуп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Арал айылынын кызы. Кесиби боюнча физик мугалим.

«Мектепти аяктаган соң азыркы Кыргыз улуттук университетинин физика бөлүмүнө тапшырып, 1976-жылы мугалимдик кесиптин ээси болуп чыккам. Ошол эле жылы айылга келин болуп келип, мектепке жумушка орноштум. Мектептен окуучуларга физика жана кол эмгек сабагын окутуп жүрдүм. Бала күнүмдөн эле кол өнөрчүлүккө жакын болгондуктан балдарга кол эмгектен сабак берип кете аларыма көзүм жеткен. Сабак берип жүрүп ар кандай көрсөтмөлөргө чыгып жүрдүм. Сабактан тышкаркы үйгө келип кийиз, тери, чийлер менен чеберчилик кылчумун. 2010-жылы ардактуу эс алууга чыккандан тарта кол өнөрчүлүккө баш-отум менен аралаштым.

Негизи мага кол өнөрчүлүк апаман жана чоң энемден келген деп билем. Алар аял затына тиешелүү болгон бардык жумуштарды катыра жасашчу. Бала күнүмдө коңшуларымдын куурчактарына көйнөк тигип берчүмүн. Кийин чоң класс болгондон баштап өзүмө көйнөк тигип кийдим. Коншулардын кыздарына чейин тигип кийгиздим. Чеберчилик менен 40 жылдан бери алек болуп келе жатам. Азыр чоң көрсөтмөлөрго чыгам. Буйрутма алып тигем. Башында шырдак жасасам, азыр паннолорду жасайм. Себеби шырдакка көпчүлүк эл басым жасабай калды. Чет элдик коноктор да чакан паннолорго кызыгып, көп сурашат. Алардын алып кеткендерине да жеңил болот.

Жасаган эмгегимди 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин баалайм. Негизи айыл ичинде кичинекей эле нерсени 1,5 миң сомго сатып алууну кымбат көрүшөт. Ошол кичинекей нерсе колдун эмгеги менен жасалып, ошол үчүн кымбат сатылаарын көпчүлүк түшүнө беришпейт. Азыр бош убактымда курак курайм. Жайкысын чабандарга деп кийиз жасап коём», - деди чебер апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×