Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Талас облусу, Талас 04.11.2019 11:12

Айыл турмушу: 20 жаштагы Айзада үйүндө таттууларды жасап сатып, алдыда ишкана ачканга аракет кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 20 жаштагы тургуну Айзада Кайдилдеева бош убактысын таттууларды жасоо менен өткөрөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, алдыда таттууларды жасаган ишкана ачууну пландап жатат.

«Өзүм таттуу токоч, торт жасаганга кызыкчумун. Башында үйдө өзүбүз үчүн деп жасап жүрдүм. Кийинчерээк дүкөндөргө өткөрө баштадым. Баалары ар кандай, чөнтөккө ылайыктуу эле баада өткөрөм. Кээде жасаган таттуулар такыр эле окшошпой же бышпай калган дагы күндөр болот. Ыйлагым келип эле отуруп калам. (күлүп). Бирок жасай албайм деп отуруп калбастан аракет кылуу керек. Мага апам көп жардам берет. Керектүүлөрдүн баарын алып келип турат. Тапкан каражатымды үй-бүлөмө жана өзүмө жумшайм. Үйдөн дагы буйрутма алып турам.

Жакындарымдын майрамдарында өз колум менен жасалган таттууларды белек кылганды салтка айландырып алгам. Мага көбүнчө рулет, тортторго буйрутма беришет. Жашмын деп жүрө бербестен, бизнес түптөөгө азыртадан аракет кылган жакшы. Келечекте чакан ишкана ачып, бизнес кылсам деген кыялым бар. Жаштын кыялы сөзсүз орундалат», - деди ал.

Ишкер кыз 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×