Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 04.11.2019 11:30

Таласта белгилүү көк бөрүчү Нуржан Мелисбек уулу үйлөндү

Нуржан келинчеги менен
Нуржан келинчеги менен

Turmush -  Таластык 25 жаштагы көк бөрүчү Нуржан Мелисбек уулу 1-ноябрда үйлөндү. Бул тууралуу Turmush басылмасына көк бөрүчү өзү билдирди.

Анын айтымында, үлпөт той ноябрь айынын ичинде өтөт.

«Жубайым Бакай-Ата районунун кызы. 1-ноябрь күнү кыргыздын салты менен ата-энесинин алдынан өтүп, сөйкө салып алып келдик. Үлпөт тоюбуз ноябрь айынын ичинде өтөт», - деди ал.

Спортчу жөнүндө:

Нуржан Мелисбек уулу Кара-Буура районунун Бакайыр айылында төрөлгөн. Ал буга чейинки маегинде бир нече жылдан бери «Ынтымак» командасында көк бөрү ойноп жатканын айткан болчу.

«Атам, акелерим чоң көк бөрүчүлөр болушкан. Ошолорду ээрчип жүрүп, көк бөрүгө кызыгуум пайда болгон. Өзүмдүн атам көк бөрүгө баш-оту менен кирген адам болчу. Ушул көк бөрүнүн айынан каза болду. Атам мындан 10 жыл мурун көк бөрү ойноп жатып жыгылган экен. 2 жыл баспай, андан кийин көз жумду. Мен үчүн эң чоң жоготуу болду. Ал учурда мен 14 жашта болчумун. Атам бизге жөлөк болуп туруучу учурунда 6 баласын таштап кете берди. Атамдын окуясынан кийин бир топ такшалдым. Биротоло көк бөрүгө кирдим. Бирок үйдөгүлөр атамдан кийин коркуп, каршы болуп жүрүштү. Көк бөрүчүнүн баласы көк бөрүчү болот деген сөз чын окшойт. Көк бөрү оюнуна бала кезимден бери аралашып калдым. Негизи мени көк бөрүчү кылган атам. Атам ойногон оюнду ойноп келе жатканым мен үчүн сыймык.

Өзүм 6 бир туугандын улуусумун. Менден кийинки 2 иним дагы көк бөрүгө кызыгат. Буйруса жакынкы аралыкта ойноп башташат деп ойлойм. Апам азыр 45 жашта. 10 жылдан бери бизди жалгыз тарбиялап келет. Апама айтып бүткүс ыраазычылык билдирем», - деген улакчы жигит.

Каарманыбыз буга катар эле алдыда дагы ийгиликтерди жаратууну пландап жатканын кошумчалаган.

«Бала кезимден бери көк бөрүгө аралашып жүргөнүм менен чоң оюндарга 3 жылдан бери чыгып келем. Азыркы учурда Таластын «Ынтымак» командасында ойноп, ийгиликтерди багындырып жатам. Албетте бул оюн жеңил эмес, кыйынчылыгы көп. Бирок баарын жеңсең болот. Ар бир оюнда ар кандай күлүк аттарды минип ойнойм. Торнадо деген атты минип ойноп жүрдүм. Ал ат экөөбүз дос болдук, жакшы тил табышып, мыкты оюндарды көрсөттүк. Буйруса көп ийгиликтерди жаратам деген ойдомун», - деген Нуржан мырза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×