Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 04.11.2019 15:31

«Биз эле кулдук уруп бара берет турбайбызбы»: 5 уулдуу болгон ата акыры 2 кыздуу болду (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 41 жаштагы тургуну Жазгүл Мырзабекова 5 уул, 2 кыздын апасы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, «Баатыр эне» наамын 40 жашында алган.

«Талас районунун Таш-Арык айылынын кызымын. Түйтө айылына 1996-жылы 18 жашымда келин болуп келгем. Жолдошум Аслан экөөбүз туугандар аркылуу таанышып баш кошконбуз. Азыр ойлосом турмушка жаш чыгып, эрке чоңоюп, көп жумуш жасаганды билчү эмес экенмин. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан атам менен апамдын (кайын журт) колундагы келин болдум. Мен келген учурда бул айылда нанды чоң мешке бышырышчу. Биринчи от жагып, анан ысыганда камырды салып бышырат экен. Нандар аябай даамдуу, жакшы бышчу. Мен андай мешти биринчи кайын журтумдан көргөм. Апам «ушуга нан жап» деди. Мен ал мешти кантип ысытып, нанды качан сала турганын билбейм. Кайра сурагандан уялып, кошуна жеңемди чакырып келдим. Ал көрсөтүп берип үйрөнгөм.

Жолдошум экөөбүз учурда 5 уул, 2 кыздын ата-энесибиз. Балдардын баарын эле атам менен апам багышты. Бизде катары менен 5 уул төрөлдү. Эң улуу балабыз Бекжан 22 жашта. Андан кийинки уулубуз Шахан 20 жашта. Андан кийинки уулдарыбыз Кутман, Шатман, Баяман. Учурда 3 уулубуз Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда студент.

Катары менен уулдар төрөлгөнү менен кыз төрөгөн жокмун деп кейиген жокмун. Апам менен атам аттарын коюп эле, өздөрү ооруканадан тосуп алышчу. Бешинчи уулубуз төрөлгөндө жолдошум «Биз кечке эле кулдук уруп бара берет турбайбызбы (келин алганда кудаларга кулдук айтуу). Бизге эч ким келбейт экен» деп чычалагансып айтканы эсимде (күлүп). Кийин катары менен 2 кыздуу болдук. Кыз төрөлдү дегенде ишене албай, башкача болгом. Дагы деле кичинекейлерибизди атам менен апам багып жатышат. Балдарды тентек кылдың деп кээде уруп койсом экөө «балабызды уруп койдуң» деп таарынып калышат. Ушул кишилердин жардамы, колдоосу менен балдарыбыз дени сак чоңоюп, биздин гана эмес чоң ата, чоң апанын тарбиясын алып жатышат», - деди ал.

Жазгүл айымдын 74 жаштагы кайын энеси Абдиева Ырыс апа келинине өзү билген иштин баарын үйрөткөнүн айтты.

«Жазгүл келгенде эле жакшы келин болду. Жаш келип, биздин колдо болду. Башында окууну жаңы бүткөн кези экен. Бизге келгенде студент болчу. Анда менин жаш кезим. Колдо калган кызым болот деп өзүм билген нерсени үйрөтүүгө аракет кылгам. Бир сөзүбүздү жок дебей кылып, абышкам экөөбүздү жакшы карап келет. Келиним жумуш кылганда балдарды каралашабыз. 5 уул, 2 кыздуу болушту. Эми баарына ыйман, бакыт тилеп, төрдө отурган кезибиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×