Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Талас облусу, Талас 05.11.2019 11:12

Жеңеке: Наризат жеңени жолдошу Москвага чейин издеп барып, Таласка алып келип баш кошкон (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну Тоялиева Наризат жеңени жолдошу Россияга чейин издеп барып, жубайлыкка алып келген. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен жеңелери аркылуу таанышып калган.

«Жолдошум Мадияр Шабдалиев менен 2000-жылы таанышып баш кошконбуз. Жеңемдер «таанышып көр, сени жактырып калыптыр» деп сунушташкан. Мага телефон чалуу кылып, жолугушчу жерди белгиледик. Алгач көргөндө жактырган эмесмин. Ал болсо мени бир көрүп эле жактырып калыптыр. Жолуккандан кийин эртеси аны жактырбаганымды айтып, Москва шаарына кетип калдым. 1 жума убакыт өтпөй аркамдан жолдошум барып калыптыр. Мени туугандарымдан сураштырып, дарегимди таап алып келген. «Мен сенсиз кетпейм» деп өзү менен кошо алып келди. Сен үчүн ушундай кадамдарга барган адамга ишенет экенсиң. Ошентип көп өтпөй Кыргызстанга келип, баш кошконбуз. Кайын атам менен кайын энем түшүнүктүү адамдар болгондуктан мага бардык ыңгайлуу шартты түзүп беришти. Жада калса жумушка шым кийип барганга да уруксат беришти. Кайын атам мени аябай жакшы көрчү. Дайыма мени колдоп турчу.

Бир ирет үйгө түлөө өткөрө турган болуп мал союп калдык. Койдун ичегисин артканды билчү эмесмин. Эмне кылаарымды билбей, аз-аздан кесип алып жууп отурсам, кайын атам «бар, бара бер» деп койдун ичегисин өзү жууп койду. Ошону эстесем азыр да уялам.

Учурда жолдошум экөөбүз 2 баланын бактылуу ата-энесибиз. Жолдошум балдарыма күйүмдүү ата, мага камкор күйөө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×