Turmush — Талас шаарында өз үйүндө каза болгон келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, 1992-жылы туулган Э.Н. аттуу келин өз үйүндө каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн. Текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган.
«Аталган факты Талас ШИИБдин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор жаракат келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары анын күйөөсү — 1988-жылы туулган Ж.А. кармалды. Учурда окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тийиштүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.