Turmush — Талас шаарынын 33 жаштагы тургуну Азат Сулайманов эркектердин ден соолугуна кам көрүп иштеп жатат. Аймактык кабарчы дарыгер менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 2006-жылы Бакай-Ата айылындагы В.Ленин атындагы мектебин аяктап, Кыргыз медициналык академиясына тапшырган. Ал жакты 2014-жылы аяктаган.
«2014-2016-жылдары Бишкек шаарындагы урология борборунда урология жана андрология кафедрасында ординатурамды окудум. Ал жерде ординатурамды аяктаган соң 1 жыл иштедим. 2017-жылы сентябрь айында Талас облустук биргелешкен Ч.Мамбетов атындагы ооруканасына уролог болуп жумушка киргем. 2020-жылдан баштап, азыркы учурга чейин ошол эле облустук оорукананын оперблок бөлүм башчысы болуп эмгектенем.
Мага кайрылган бейтаптардын көпчүлүгү өнөкөт простатит, өнөкөт пиелонефрит жана ошондой эле эркектердин тукумсуздугу менен кайрылышат. Азыр боюнда бар аялдар бөйрөк оорусу, бөйрөктөн түшкөн заара аккычынын кеңейип кетиши деген диагноздор менен көп кайрылып жатышат. Ар бир кайрылган бейтапка индивидуалдуу мамиле болот. Ар бир бейтап эмнеге даттанып жатат угуп, медициналык анализдерин чогултуп, ошого жараша дарылайм. Ар бир бейтаптын жашоо шарты ар кандай болгондуктан, негизги тамактануусунан дагы көп нерсе чечилет. Эң биринчи тамактануусуна көңүл бурам.
Ар бир мага кайрылган бейтап чоң ишеним менен келет. Алардын ишенимин актоого бүт аракетимди жумшайм. Күн сайын жумушта эсте калган бейтаптар, учурлар болот. 2021-жылы апрель-май айларында Баткенде чекара окуяларында Талас облустук биргелешкен Ч.Мамбетов атындагы оорукананын жаш адистери чогулуп, дарылоо үчүн көмөк көрсөтүүгө 1 аптага барып келдик. Үйдөгүлөр коркушкан. Бирок милдетимди аткарып, өзүм каалап бардым.
2020-жылы мага 9 жаштагы бала кайрылды. Аны текшергенде ойлондурган маселе көп болду. Анын заара ушатуучу каналында 2 см таш туруп калыптыр. Ал заара кыла албай калган экен. Ошол ташты дарылоо жолу менен талкалап, сыртка чыгарганбыз. Мунун баары ичип жаткан суудан жаралышы мүмкүн», - деди ал.
Дарыгер жубайы экөө 2 уулдун ата-энеси.