Turmush — Талас районунун Үч-Эмчек айылынын 87 жаштагы тургуну Шералиева Сабыр апа менен жолдошу экөө 30 жыл колхоздун коюн кайтарган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы апа менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, жолдошу менен 16 жашында баш кошкон.
«1951-жылдын октябрь айында ушул үйгө келин болуп келгем. Эжемдин үйүнө бара жатсам, жолдошум атка өңөрүп алып кетти. Көрсө, мага чейин эжем менен сүйлөшүп, убадалашып коюшуптур. Келери менен кайын энем жоолук салды. Тойдун эртеси кайын энем бутума чоң өтүктү кийгизип, 600 койду кайтарганы жөнөткөн. Ал кезде каяша айтканды деле билчү эмеспиз. Баягы чоң өтүктү сүйрөп, койлорду кайтарып, көзүмө жаш алган учур көп болгон.
Бир жолу жездем жеңил өтүк ултарып берсе, кайын энем муну ары-бери жакка киесиң деп, бутумдан чечип алып, баягы чоң өтүктү кийгизип койгон (күлүп). Кой кайтарганы чыкканда өтүктү кайын энеме көрсөтпөй, колтугума катып чыгып, алмаштырып кийип жүрдүм. 16 жашымда тамак деле бышырганды билчү эмесмин. Ыраматылык кайын энем үйрөткөн.
Мен келин болуп келгенден 2 жыл өтпөй кайын атам каза болуп калды. Колхоздун коюн кайтарганыбыз менен өзүбүздүн 9 кой, жалгыз кочкорубуз бар болчу. Көп өтпөй баягы кочкорубуз да өлүп калды. Ошондо кочкордун этин сатып, акчасына котур бука алганбыз. Жолдошум башын кармайт, мен буканы ак самындап жууп, тарап бакканбыз. Канчага сатканы эсимде жок. Бирок буканын акчасы Таалайбекке такыя, Шурубекке шөкүлө болгон. Силерге калп, мага чын, ошол акчага азыр жашап жаткан үйдүн цементин алып, өзүбүзгө мал-кел алып, багып баштаганбыз.
Анда көчөдөгү келиндерге бир өтүк, бир жоолук, бир пальто жетчү. Ал кезде азыркыдай барчылыктын бири да жок. Кой сойсок, көчөнүн баары келип, биздин үйдөн этин жеп, шорпосун ичип кетчү. Анда кийим деле тартыш. Жолдошум атайын мага буйрутма менен пальто, жоолук, бут кийим алып берди. Биз тоодо мал менен жүргөндүктөн, баягы кийимдеримди келиндер Фрунзеге же мейманга барганда айылдагы кайын энемден сурап кийип кетишчү. Жокчулуктан улам биздин көчөдөгү келиндерге айылга чыкканда кие турган бир эле кийим бар эле.
Жолдошум экөөбүз колхоздун коюн 30 жыл кайтардык. 800 кой кайтарып, кийин гана уй, жылкы аралашкан. 7 балалуу болуп, анын экөө чарчап калды. Учурда 10 небере, 15 чөбөрөм бар», - деди Сабыр апа.