Turmush — Таластын 70 жаштагы тургуну Күлчоро Жаманкараев аксакал милицияда иштеп, жумушуна байланыштуу бир топ кооптуу абалдардан өткөн. Аймактык кабарчы аксакал менен баарлашты.
Өзүнүн айтымында, Талас районунун Манас айылында жарык дүйнөгө келген.
«10-классты 37 бала бүттүк. 37 ичинен 24 бала жогорку окуу жайга өтүп кеттик. Ал кезде окууга өтүү кыйын эле. Бир айылдан 2-3 бала окууга өтсө майрам эле. 24 баланын арасында мен дагы политехникалык институттун курулуш факультетине өтүп кеткем. Бардык окуу жайга экзамен аркылуу гана өтчүбүз. Жогорку окуу жайда окуган учурда, окугандан башка нерсе кылган жокпуз. Киного барганга да убакыт жок эле. Түнү менен чертеж чийип окучубуз.
Ошентип окуу жайды аяктаган соң Таласка келдим. Андан кийин курулуш ишканада мастер болуп иштедим. Кийин 7 жыл бригадир болуп иштедим.
1977-1982 жылдары Талас облусундагы этаж үйлөр курулуп жаткан учур эле. Ошол жылдары эл жакшы үйлөрдү куруп баштаган болчу. Союздун убагында ким, кайсы каражаттын эсебинен салып жататдеген суроо жаралып, ошондо курулуш факультетин аяктаган инженер балдарды милицияга жумушка алып башташкан. Ошол учурда 6-7 бала менен милицияда иштеп калганбыз. Жумушка киргенде эле алып сатуучуларды текшерүү боюнча иш алып бардык. Ал учурда үйдү ээси же болбосо мамлекет гана сатыкка коё алчу. Ортомчулар менен чоң күрөш жүргүзчүбүз.
Азыркы Кара-Буура районунда мурунку Киров району эле. Ошол жакта жумушта 9 жыл, Бакай-Ата районунда 5 жыл, 14-15 жылдай Талас облустук ички иштер башкармалыгында иштедим. Социалисттик менчикти коргоо бөлүмүнүн спектринде улук инспекторунун башчысына чейин жеткем. Кийин Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү болуп аталып калды. 1999-жылы ошол жерде жетекчи болуп иштеп, полковник да болдум. Андан кийин жумушту которуп, башка чарбада жетекчи болдум. 4 жыл кадр жетекчиси болуп , 2006-жылы пенсияга чыккам.
2011-жылы Талас облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп шайлангам. Ошондон бери ардагерлер кеңешин жетектеп келе жатам. Республикада «Мыкты ардагерлер кеңеши» деген сынактар өтөт, ал кеңештер арасында жалаң байгелүү орундарга ээ болуп келе жатабыз.
Союз учурунда баары башкача болчу, Мисалы тамеки өстүрүү, апийим өстүрчү. Бирок кийин ал жоюлган. Сатуу жагы мамлекеттики болчу. Апийимди биз мектепте окуп жүргөндө айдачу эле. 1970-жылдан кийин жоюлган. Ал кезде да башкача болчу. Анда наркотик деген түшүнүк да жок эле. Эл болгондон кийин арасынан чыгат экен. Жумушка бир маалымат түштү. Колхоздун белгилүү эле адамдары кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, малдын жемин уурдоо жолу менен алып койгону белгилүү болду. Четинен текшерип келсек, 10 миң рубль чыкты. Бул акча ал учурда өзгөчө ири сумма эле. Ал биринчи текшерүүдө эле аныкталды. Кийинки текшерүүдө уурдалган каражат 70 миң рублга чейин жетти. Алар уурдап, дүкөндөргө өткөрүшүп жүргөн экен. 20 жакын адам жоопко тартылды. Калгандары да ар кандай жазаларды алышты.
Дагы бир окуя болду эле. Айрым адамдар тамекиде иштеген элден тамекини 1 сорт болсо да 2 сорт деп алышып, кайра өткөргөндө 1 сорт деп өткөрүп ортодон акча көрүп жүрүптүр. Анда колхоз деген аябай чоң. Бир колхоздун жетекчиси кармалып калды. 12 жылга кесилип кеткен. 5-6 жыл мурун эле ошол адам менен көрүшүп калдык. Келип ырахмат айтты. Мен аны көрүп башында чочуп кеттим. Ошондо «Мен жаман көрбөйм, ырахмат айтайын дегем. Сен мени токтотуп калбаганыңда, мүмкүн ал учурда жок болуп кетет белем» деп айтып калды. «Ошондо «оборот» бүткүл союз боюнча болчу. Мени өлтүрүп кетет беле. Сени да текшергенбиз» дейт. «Мен анда мылтыгымды алып, унаага отуруп сени издеп чыккам. Эгер жолуксаң сени атып салат элем. Ошондо атам билип калып, сага жете электе аркаман башка унаа менен келип үйгө алып кеткен эле. Ошондо сен жолукканда өлтүрүп салмак экем» деди. Биздин жумуш ушундай эле», - деди ал.
Аксакал буга катар эле 1 уул, 6 кыздын атасы экендигин айтып берди.
«Уулум кайтыш болуп калган. Неберелерим бар. Жубайым үй тиричилигин карап, мага да колдоо көрсөтүп турчу эле. Кээде түндө да иштеп калабыз. Мурун жумуш биринчи орунда эле да. Бир жакшы жери милиция кызматкерлерин абдан сыйлашчу жана мыйзамдан коркушчу. Милиция кызматкерлеринин айлык акысы да көбүрөөк деп айтышат. Менин оюмча милиция кызматкерлери күнү-түнү иштеп, майрам күндөрү, эс алуу күндөрү да коопсуздукту карап жүрөбүз», - деди ал.