Turmush — Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында жашаган улгайган адамдарга акчалай жардамдар жана азык-түлүктөр таратылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда өкмөттүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги балдарды коргоо, улгайган адамдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрсөтүү жөнүндө №237 токтомунун алкагында 70 жаштан жогорку адамдарга Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 200 миң сом каралган. Жалпы 253 аксакалга акчалай жардам таркатылды.
Мындан тышкары жергиликтүү ишкана тарабынан 80 жаштан өткөн карыларга камкордук көрүү максатында, азык-түлүк таркатылды.