Turmush — Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович «Кыргыз почтасы» ААКтын Талас райондор аралык филиалынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, ал буга чейин Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунун акими, Талас облусунун жетекчисинин орун басары кызматтарын аркалаган.
Ортодо 1 жылдык тыныгуудан соң «Кыргыз почтасына» кызматка дайындалды.