Turmush — Россия кызматташтыгы уюмунун КРдагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Талас мамлекетик университетинде Орус тили борбору ачылды. Ага Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын өнүктүрүү фондусу колдоо көрсөттү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган окуу борборду заманбап үлгүдө жасоо үчүн Талас мамлекеттик университети «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусуна кайрылган.
Өнүктүрүү фондусунан кайрылунун негизинде 392 миң сом бөлүнгөн.
Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Шаршембиев окуу бөлмөсү талаптагыдай жасалганын окуу борборунун ачылышында билдирди.
«Борбор студенттердин орус тили боюнча билимин жакшыртуу үчүн иш алып барат. Ошондой эле орус тилдүү мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда жана абитуриенттердин ЖРТга даярдануусунда пайдаланылат», - деди ал.
«Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусуна Талас облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында «Альянс Алтын» компаниясы жылына 150 миллион сом которот.
Фонд негизделгенден тартып билим берүү тармагына 60 миллион сом бөлүнүп, 123 долбоор ишке ашырылган.