Turmush — 2025-жылы Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында бир катар долбоорлор ишке ашырылып, экономикалык өнүгүү токтогон жок. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Бакыт Кыдыралиев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жыл жемиштүү болду. Социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.
- 2024-жылы Талас районунун Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймактары бириктирилип, Сасык-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Шумкар-Уя айыл аймагы түзүлгөн. Шумкар-Уя Кыргызстанды облусундагы эң бай айыл аймак болуп саналат. Анын аймагында Жерүй алтын кени иштейт. 2025-жылдагы бюджети 420 миллион сом болсо, 2026-жылдагы бюджети 450 миллион сом болгон.
2025-жылдын февраль айында Шумкар-Уяда Бүргө баатырдын жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өттү. Волейбол боюнча облустук турнирге 25 команда катышты. Жалпы байге фонд 100 миң сом. Турнирди уюштурууга Шумкар-Уя айыл өкмөтү каржылык колдоо көрсөттү.
Апрель айында президенттин өлкөнү жашылдандыруу демилгесин колдоо максатында Шумкар-Уя айыл аймагында ак кайыңдын 5000 түп көчөтү отургузулду. Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев баштаган мекеме-уюмдардын бардык кызматкерлери, акимчиликтин кызматкерлери да келип, жалпы 300 адам көчөт тикти. Ушул аймакка 2024-жылы 5000 көчөт тигилип, 5 гектар жер жашылдандырылган.
17-апрель күнү Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жаңы курулган имараты ишке берилди. Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев элге жеңилдик болушу үчүн бул жерде Калкты тейлөө борбору менен «Айыл банктын» кеңсеси да орун алганын билдирген.
Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак айылында салынган имараттын курулушуна 50 млн сом бөлүнгөн. Ачылыш аземге айыл тургундары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, Жогорку кеңештин депутаттары президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдер катышкан.
Ошол эле 17-апрель күнү Шумкар-Уя айыл аймагынын Кеңеш айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Анын сметалык баасы 75 млн сомду түзөт.
Шумкар-Уя айыл аймагындагы спорт залдарга машыгууга керектүү жаңы инвентарлар алынды. Жабдыктарды алып берүүнү жергиликтүү машыктыруучулар суранып, демөөрчүлөр колдоо көрсөтткөн. Алардын жалпы суммасы 322 миң сомду түздү.
Май айында Шумкар-Уя айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетине жана ветеринардык тейлөө кызматына «SsangYong Rexton Sports» үлгүсүндөгү 2 унаа тапшырылды. Кызматтык унаа менен камсыздоону айыл өкмөтү демилгелеп, депутаттар колдоп берген. 2018 жана 2020-жылы чыгарылган автоунаалардын ачкычтарын айыл өкмөтү башчысы Бакыт Кыдыралиев тапшырды.
26-майда Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө өтүп жаткан акыркы коңгуроо салтанатында спортто чоң ийгилик жараткан 5 окуучуга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев Хан-Бүргө жана Гүлай Орозалиева атындагы орто мектептерге барып, 5 окуучуга айыл өкмөттүн ыраазычылык каты жана ар бирине 40 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Аталган 2 мектептин мыкты мугалимдерине да Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн ардак грамоталары тапшырылды.
Июнь айында «Шумкар-Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы техникалар тапшырылды. 1 пикап, 1 самосвал жана 1 таштанды ташуучу унаа лизинг аркылуу алынды. Бул унаалар аймактагы тазалыкты камсыздоо жумуштарын ыкчам жана сапаттуу аткарууга пайдаланылат.
Жергиликтүү бийликтин аракети менен 2024-жылы «Шумкар-Тазалык» ишканасы түзүлүп, анын базасында (беккари чуңкуру менен) таштанды таштоочу жана сорттоочу жай курулган. Бүгүнкү күндө бул мекеме аймактагы таштанды көйгөйүн системалуу түрдө чечип, элге кызмат кылууда.
Июнда Талды-Булак айылындагы М.Туйтунов атындагы Бакай-Таш орто мектебинде капиталдык оңдоп-түздөө иштери башталды. Оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн. Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, сапаттуу жүргүзүлүшү боюнча өзүнүн тапшырмаларын берген.
Июнда Талас облусунун Чоң-Токой айылындагы жолго асфальт басылып жатканы белгилүү болгон. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси Чоң-Токой айылынын тарыхында алгачкы жолу ички жолдорго асфальт төшөө иштери башталган. Жалпы 2,5 чакырым жол асфальтталган. Жумуштарга каражат Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп, ишти №36 жол тейлөө ишканасы аткарган.
Июнда Шумкар-Уя айыл аймагынын Талды-Булак айылындагы кооптуу абалда турган көпүрө толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилген. Ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолгон. 2024-жылы катуу жааган жамгырдан улам көпүрөнүн бир тарабын суу алып кетип, оңдоо зарылдыгы жаралган. Эми бул көйгөй толук чечилип, тургундардын жүрүп-турушу үчүн коопсуз шарт түзүлдү.
Июнь айынын этегинде Шумкар-Уянын Кара-Ой айылында 20 орундуу тигүү цехи ишке кирген. Муниципалдык багыттагы тигүү ишканасынын имараты мурда эски мектепке тиешелүү (кательный) болгон. Айылдык кеӊештин депутаттарынын жана айыл өкмөтү Бакыт Кыдыралиевдин колдоосу менен жергиликтүү бюджеттен 12 миллион сом бөлүнүп, капиталдык оӊдоодон өткөрүлгөн. Анын натыйжасында кароосуз калган имарат жумушчуларды иш менен камсыздаган тигүү ишканасына айланды.
Август айында Шумкар-Уя айыл аймагында 31-августка чейин 10 социалдык объект ишке берилери кабарлаган.
Чоң-Токой айылынан:
1. Таза суу
2. Тигүү цехи
3. Асфальт жол
4. Кичи футбол аянтчасы
Кеңеш айылынан:
1. Таза суу
Сасык-Булак айылынан:
1. Техникаларды тейлөөчү ангар
2. 1000 тонналык көмүр сактоочу жай
3. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты
Талды-Булак айылынан:
1. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки М.Туйтунов атындагы орто мектеби
Ак-Коргон айылынан:
1. Кичи футбол аянтчасы
«Жогорудагы объектилерде жүрүп жаткан иштер айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиевдин көзөмөлүндө болууда. Жергиликтүү бийлик сапатка өзгөчө көңүл бурууну курулушчуларга эскертип, улам кабар алууда», - деп айтылган маалыматта.
14-августта Талас районунун ички иштер бөлүмү тарабынан берилген сунуштун негизинде Шумкар-Уя айыл өкмөтү тарабынан 26 видеокөзөмөл камералары орнотулган.
Алар төмөндөгүдөй тартипте жайгаштырылган:
- 5 мектепте 12 видеокамера;
- 2 бала бакчада 4 видеокамера;
- 4 мечитте 8 видеокамера;
- Айыл өкмөттүн имаратында жана Калкты тейлөө борборунда 2 видеокамера.
Орнотулган видеокамералар адамды жүзүнөн таанууга, 360 градуска айланууга ылайыкташып, Талас ОИИБдин Санарип кырдаал борборуна туташтырылган. Натыйжада Шумкар-Уя айыл аймагы 24 саат бою нөөмөттө турган кызматкерлер тарабынан көзөмөлгө алынды.
Сентябрда Талас районунун Сасык-Булак айылындагы Шумкар-Уя үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ишке берилген. Бул имарат 34 жыл мурда курулуп, колдонулуп келген. Узак жылдардан бери эскирип, санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербей калгандыктан, 2025-жылы жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Сентябрдын башында Шумкар-Уя айыл аймагынын Чоң-Токой айылында 40 орундуу тигүү цехи ишке берилген. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 25 миллион сом бөлүгөн. Тигүү цехинде тигүү бөлмөсүнөн сырткары технологдун кабинети, жумушчулар үчүн кийим которуу бөлмөсү, ашкана, ажаткана жана жуунуучу жайлар да камсыздалган. Бул Талас облусунда мындай шарттагы биринчи тигүү цехи болуп саналат.
25-сентябрда Чоң-Токой айылында ички жол асфальтталып бүттү. Жолду оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, подрядчы катары №36 жол тейлөө ишканасы иш алып барды. Натыйжада жалпы узундугу 2,5 чакырымды түзгөн ички жол асфальтталды. Анын кенендиги 7,5 метрди, асфальт катмарынын калыңдыгы 6 сантиметрди түздү. Жолго талапка ылайык бордюрлар коюлуп, эки тарабына суу агызуучу лотоктор орнотулду.
Октябрь айында Шумкар-Уя айыл аймагында быйыл тигилген 5 миң көчөттүн айланасы толук курчалып бүттү. Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев 2024-жылы да ушул аймакка 5 миң көчөт отургузулуп, алардын айланасы да толук курчалганын билдирген. Учурда жалпы 10 миң түп ак кайың өсүп жатат. Аталган экологиялык долбоор демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.
Ноябрь айында Шумкар-Уя айыл аймагынын Сасык-Булак айылындагы көмүрканада Кара-Кечеден ташылып келген көмүр арзандатылган баада 1 килограммы 5 сом 50 тыйындан сатыла баштаган. Бул иштер кыш мезгили алдында элди сапаттуу, жеткиликтүү баадагы көмүр менен камсыз кылуу үчүн уюштурулган. Айыл өкмөттүн менчигиндеги атайын техникалар Кара-Кече кенине жөнөтүлүп, көмүр түз ташылып келген. Көмүрдү туура сактоо максатында быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1000 тонналык көмүркана курулган.
Декабрь айында Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак айылында ордо оюнунун спорт комплекси ишке берилди. Ордо атуу спорттун өнүктүрүүгө жашкы шарттарды түзүп берүүнү айыл өкмөт менен айылдык кеӊештин депутаттары колдоп беришкен. Натыйжада жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн 900 миӊ сом каралып, 2 аянтчасы бар чоӊ ордо комплекси пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземге Талас районунун акими Байышбек Астанакулов, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев баш болгон жетекчилер, жергиликтүү тургундар жана ордо спорттунун күйөрмандары катышты.