Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жол тескөөчүлөргө баш ийбеген айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылы 16-март күнү Ысык Ата районун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери түнкү кызмат учурунда Ысык Ата районун Ивановка айылында «Daewoo Nexia» үлгүсүндөгү унаасын текшерүүгө алынган. Бул учурда айдоочу — 2006-жылы туулган М.А.А. кызматкерлерге баш ийбей, качып кетүүгө арактет кылган.
Айдоочуга карата Укук бузуулар кодекси боюнча жалпы 55 миң сом айып пул салынды.
- 184-берене (транспорт каражаттарын документи жок башкаруу);
- 185-берене (транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу);
- 188-беренесинин 3-бөлүгү (өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу тутумунун үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу);
- 194-берене (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) менен протолкол түзүлдү.