Turmush — Ак-Суу районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо иштери уланууда. Орозо айт майрамына карата муктаж жарандарга азык-түлүк түрүндө жардам берилгенин аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, Тегизчил жана Кара-Жал айылынын тургундарынын демилгеси менен бул ирет жалпы 210 баштык даярдалып, райондогу 34 айылга жана Каракол шаарына жеткирилди. Баштыктарга ун, май, шекер сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү негизги азык-түлүктөр салынган. Айыл эли Орозо айт майрамында азык-түлүк таратса, Курман айт майрамында курмандык чалып, эт таратууну өткөн жылдан баштап колго алышты.
Иш-чаранын негизги максаты — багар-көрөрү жок, ата-энеден ажыраган балдарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо . Уюштуруучулар кайрымдуулук иш-чараларын мындан ары да үзгүлтүксүз улантарын белгилешти.